Казахские песни Узбекские песни

Песня «Өкүнбө»
исполнителя Эрлан Андашев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Өмүргө келдик жаралып,
Өткөн соң таттуу балалык.
Өкүнбөй болуп өткөнгө,
Өмүрдү барктап алалык.
Жашоодо болот бардыгы,
Жүрүшүң артпы алдыбы?
Жараткан берет тилекти,
Жашыба унут кайгыны.
Кайырма:
Өкүнбө досум өкүнбө,
Өтүнөм ойго чөмүлбө.
Ырысын тоодой ишенгин,
Ыссык-Көл болгун төгүлбө
Бул өмүр өзү жүзүмдөй,
Бир жерде турбайт үзүлбөй.
Аттиң деп такыр айтпагын,
Ал мөмө берет билинбей
Андыктан асыл адамзат,
Ак шумкар болуп сабалап.
Ааламды тегиз айлангын,
Ата журт сага аманат
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Айылды бүгүн эскердик, Ак шамдар жактан кеч келдик. Апакем уй саап короодо, Адырдан ойноп кеч келдик. Кайырма: Апакем кайда? Мен кайда? Адырлуу тоолор, сен кайда? Убакыт болуп табышмак Уктабай түндө далайга. Жоругу тентек балдарбыз, Жоогазын терип алганбыз. Жок дүйнө менен алышып, Жомоктон жаралгандарбыз. Кайырма: Ал кезде биз да жаш элек, Аскерден абам кат берет. Көбүрөөк окуп апакем, Көзүнө ысык жаш келет.
  • Ошол күнү толкунданып отурдум, Күндөр өттү, жалгыз сени ойлоймун. Жан дүйнөмө жарык берип бир өзүң, Ак сүйүүнү жүрөгүмө орноттуң. Көрдүм сени, көңүлүмө сен жактың, Сага арнап чын жүрөктөн ыр жаздым. Көрүшкөндө тик карабай көзүңө, Уялдым, көздөрүмдү алып качтым. Кайырма: Сүйүп калдым, кантейин? Сүйүп калдым, мен кантейин? Сүйүп калдым, кантейин? Сүйүп калдым, мен кантейин? Пайда болуп түшүнүксүз бир сезим, Сени жактырып калганымды сездим. Кантем, айтчы, сүйүп калган окшоймун? Көргүм келип сени гана издеймин. Менин сүйүүм эмне үчүн кайгылуу? Неге сүйүүдөн боло албаймын бактылуу? Сүйүп калдым, бирок жетпешимди билемин, Деги айтчы, эмнеге бүтпөйт сагынуу? Кайырма: Түн уйкумду сага арнап, уктабай, Жөнөкөй мүнөзүңө мен, ай, суктанып. Сүйүп туруп каламынбы жете албай? Кетесиңби жаш жүрөктү ыйлатып? Эгер сүйсөм, кантип айтпайм жашырып, Жүрөгүмдө ошол сезим жашаса. Көргүм келип жүрөм сени сагынып, Бирге бассак кол кармашып жанаша.
  • Жүрөгүмдүн ээси сенсиң, Табалбай жүргөн берекемсиң. Ай ааламдагы жалгыз бир адам, Ошол жаным жалгыз сенсиң. Жарык чачкан таңым сенсиң, Жанымда жүргөн көлөкөмсүң. Жандай көргөн жалгыз адамым, Жалындап жүрсөк бирге деймин. Кайырма: Карап, карап, карап Бир өзүңдү Самап, самап, самап Олтурамын эстеп алып анан мен, Махабатка батып барат жаным. Жаным Арзуубуздун оту жансын, Ардагым менин махабатым. Арнаймын сага ушул дүйнөдө, Ак сүйүүнүн таттуу балын. Күлмүңдөп бир тийген күнсүң, Жашоодо жалгыз үмүтүмсүң. Өмүрүмдү көрккө бөлөгөн, Жаңы ачылган кызыл гүлсүң. Кайырма
  • Күн дейинби сени күндөйүм, Гүл дейинби кызыл гүлдөйүм. Баары, баары сага жарашат, Эмне дейин айтчы ким дейин? Күнүм десең жарык чачайын, Гүлүм десең гүлдөп ачайын. Эркелетсең мейли эмне деп, Эркең болуп сенин жашайын. Кайырма; Жаныңда жаным, Сенин болоюн. Багына бактым, Барып коноюн. Тыңшачы жаным, Ортобуздагы. Жаңырып жаткан, Сүйүү обонун. Ай дейинби сени айдайым, Асел дейим ширин балдайым. Аруузатым арзуу сезимди, Ак сүйүүмдү сага арнайын. Айым десең түндө төлөйүн, Асманыңа бийик коноюн. Жол көрсөтүп сага түндөсү, Жарыгың мен сенин болоюн. Кайырма;