Казахские песни Узбекские песни

Песня «жалгыздыктан тажап буттум»
исполнителя Эрлан Андашев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жамалы белең берметтин,
Жабыркап жүрөк дегдеттиң.
Кароосуз калган кайыктай,
Кайыр кош, жаным, сен кеттиң.
Кайырма:
Карап, карап, кайрадан сени самап,
Күттүм, күттүм, күттүм,
Жалжалым, жалгыздыктан тажап бүттүм.
Көпөлөк гүлгө коно албай,
Көңүлүм сыздап, толо албай.
Серпилип жүрөк кыйналды,
Сендейлер сендей боло албай.
Кайырма:
Кош дегим келбейт, кош дегим,
Козгобо, бөлөк жок кебим.
Кайгырсам, жалгыз, аргам жок,
Кош дешер жарым жок менин.

Другие песни исполнителя:

  • Айылды бүгүн эскердик, Ак шамдар жактан кеч келдик. Апакем уй саап короодо, Адырдан ойноп кеч келдик. Кайырма: Апакем кайда? Мен кайда? Адырлуу тоолор, сен кайда? Убакыт болуп табышмак Уктабай түндө далайга. Жоругу тентек балдарбыз, Жоогазын терип алганбыз. Жок дүйнө менен алышып, Жомоктон жаралгандарбыз. Кайырма: Ал кезде биз да жаш элек, Аскерден абам кат берет. Көбүрөөк окуп апакем, Көзүнө ысык жаш келет.
  • Чоң кыз сени сүйө албаймын таарынба Арзып алган жубайым бар жанымда Жашоо өзү кыйын эмес түшүнсөң Жадыбалдай түйүп алгын жаныңда Сүйө албаймын Сүйө албаймын Түшүн жаным сендик такыр боло албаймын Боло албаймын Боло албаймын Түшүн жаным сендик такыр сүйө албаймын Багым дебей бир көрүшкөн жигитти Бардыгынан бийик койгун үмүттү Жетпедим деп азыртадан кайгырба Жеңил ойдун арты болот күйүттүү Бийик серпип канаттыңды кагаарсың Бир күн сен да түгөйүңдү табаарсың Сүйдүм деген агаңды да бир кезде Сага сүйлөп кыйгач карап калаарсың