Казахские песни Узбекские песни

Песня «Суйо албаймын»
исполнителя Эрлан Андашев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Чоң кыз сени сүйө албаймын таарынба
Арзып алган жубайым бар жанымда
Жашоо өзү кыйын эмес түшүнсөң
Жадыбалдай түйүп алгын жаныңда

Сүйө албаймын
Сүйө албаймын
Түшүн жаным сендик такыр боло албаймын
Боло албаймын
Боло албаймын
Түшүн жаным сендик такыр сүйө албаймын

Багым дебей бир көрүшкөн жигитти
Бардыгынан бийик койгун үмүттү
Жетпедим деп азыртадан кайгырба
Жеңил ойдун арты болот күйүттүү

Бийик серпип канаттыңды кагаарсың
Бир күн сен да түгөйүңдү табаарсың
Сүйдүм деген агаңды да бир кезде
Сага сүйлөп кыйгач карап калаарсың

Другие песни исполнителя:

  • Жебедей эки кашың тартылган Жетсем деп сага талпынам Суктанып суусап жүрүп кездештим Сулууга сендей калкымдан Жаштыкты биз сыйлайлы, ай асыл эркем Жаштык ырын ырдайлы, ай асыл эркем Жебедей каштарыңдан Же сылап чачтарыңдан Жер менен басканыңдан ай Кайырма Жүрөктөн чыккан Жүрөктөн чыккан Дартымды уксам Дартымды уксам Көңүлүм чындап сага берилген Көбүрөөк айтчы кебиңден Таштуу жер бастым кулунду издеп Таппадым сендей элимден Жаштык деген бир келет, ай асыл эркем Жаштык өтсө ким берет, ай асыл эркем Жебедей каштарыңдан Же сылап чачтарыңдан Жер менен басканыңдан ай
  • Сага мен кызым садагам кызым Амандыкты анан бакты тилейм Берекем кызым көлөкөм кызым Бул өмүрдүн балын тат тилейм Кайырма: Ата-энеңди сыйлап урматтаган Асылымсың сен акыл эстүү бол Кыргыз үчүн күйгүн кайда болбогун Кыйсайкалдай кызымдай эрктүү бол Периштем менин күлкүңдөн сенин Жыргалысың ушул дүйнөнүн Татынам өзүң турганда өзүң Мээримдүүлүктү кантип сүйбөйүн