Казахские песни Узбекские песни

Песня «суйо албайм»
исполнителя Эрлан Андашев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

оң кыз сени сүйө албаймын таарынба
Арзып алган жубайым бар жанымда
Жашоо өзү кыйын эмес түшүнсөң
Жадыбалдай түйүп алгын жаныңда

Сүйө албаймын
Сүйө албаймын
Түшүн жаным сендик такыр боло албаймын
Боло албаймын
Боло албаймын
Түшүн жаным сендик такыр сүйө албаймын

Багым дебей бир көрүшкөн жигитти
Бардыгынан бийик койгун үмүттү
Жетпедим деп азыртадан кайгырба
Жеңил ойдун арты болот күйүттүү

Бийик серпип канаттыңды кагаарсың
Бир күн сен да түгөйүңдү табаарсың
Сүйдүм деген агаңды да бир кезде
Сага сүйлөп кыйгач карап калаарсың

Другие песни исполнителя:

  • Ошол күнү толкунданып отурдум, Күндөр өттү, жалгыз сени ойлоймун. Жан дүйнөмө жарык берип бир өзүң, Ак сүйүүнү жүрөгүмө орноттуң. Көрдүм сени, көңүлүмө сен жактың, Сага арнап чын жүрөктөн ыр жаздым. Көрүшкөндө тик карабай көзүңө, Уялдым, көздөрүмдү алып качтым. Кайырма: Сүйүп калдым, кантейин? Сүйүп калдым, мен кантейин? Сүйүп калдым, кантейин? Сүйүп калдым, мен кантейин? Пайда болуп түшүнүксүз бир сезим, Сени жактырып калганымды сездим. Кантем, айтчы, сүйүп калган окшоймун? Көргүм келип сени гана издеймин. Менин сүйүүм эмне үчүн кайгылуу? Неге сүйүүдөн боло албаймын бактылуу? Сүйүп калдым, бирок жетпешимди билемин, Деги айтчы, эмнеге бүтпөйт сагынуу? Кайырма: Түн уйкумду сага арнап, уктабай, Жөнөкөй мүнөзүңө мен, ай, суктанып. Сүйүп туруп каламынбы жете албай? Кетесиңби жаш жүрөктү ыйлатып? Эгер сүйсөм, кантип айтпайм жашырып, Жүрөгүмдө ошол сезим жашаса. Көргүм келип жүрөм сени сагынып, Бирге бассак кол кармашып жанаша. Кайырма:
  • Карааның издеп мен баратам Кезигип кайрадан адашкан Көзүңдөн көргөнүңдө сүйгөнүмдү Сүйүүнүн азабын тарттым анан Оппокшош карегиң оттой жанган Мен көрүп эстен тана сүйүп турам Айрылуу азабын унуткарып Дабалуу жүрөккө жабыркаган Кайырма : Кайдасың асылым айтчы сен кабарыңды Карааныңды издеп мен табалбай мен каламынбы Жолуккум келет мен жаным сага Дартымды дарылаар өзүң гана Кезигем мен сага кайрадан Табамын карааның адашкан Өзүңдөн бир гана өтүнүчүм Жүз буруп кетпечи садагам Жан дүйнөм жабыркап армандан ай Жүрөмүн чыгалбай мен санаадан Жолугуп үмүттү жандыргын сен Жашоомо жан бергин сен кайрадан
  • Жүрөгүмдүн тынчын сен алдың Жүрөгүмдө бүтпөс арманым арбын Сен алдадын Жандүйнөмдүн жарыгы болбой Жараладын жанды жайына койбой Сен ардагым Жайнап турган көзүң күлгөнүң деле Жалган тура жаным сүйгөнүң деле Сен алдадын Сезимимди таза тунук кирдеттиң Сезиминди сенин атыңды билбепмин Жалган сүйлөп мени сүйөмүн дебе Жалынына сенин күйөмүн дебе Сен алдаба Сезим менен болду эми ойнобо Себеби жок сыздап мени ойлобо Сен алдаба Кеч түшүндүм кечиргиң дебе Кейидим деп сыздап эзилдим дебе Сен алдаба Ак сүйүүгө айыпты артпа Унут мени эми кайгыга батпа Сен алдаба Сезимимди таза тунук кирдеттиң Сезиминди сенин атыңды билбепмин Жалган сүйлөп мени сүйөмүн дебе Жалыныңа сенин күйөмүн дебе Сен алдаба Сезим менен болду эми ойнобо Себеби жок сыздап мени ойлобо Сен алдаба