Казахские песни Узбекские песни

Песня «ашыгым»
исполнителя Эрлан Андашев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Мына сени сагынамын
Сени издеп күндө жалынамын
Бакытым гүлүм жан эркем
Өзүңдү сүйүүп сагынам
Каараның эңсеп кабылам
Кайсы күнү сага кабыламын ээй

Көздөрүң нурдан тараган
Көңүлүм сенсин самаган
Көрүнбөй калсаң садагам
Саанага батып сагынам
Ашыктык отун арнаган
Айта албай сага каламын ай

Ой басып түндө баратам
Оорулуу ырлар жаратам
Жүзүңдөн сүйүүп элестеп
Жүрөктү күндө жылытамын
Өзүң деп жүрүп өзгөчөм
Өзүңө бир качан жолугамын

Катарлаш басып баратсам
Кармасам деймин колуңдан
Капилет анан адашып
Калбасам деймин жолунан
Жанынан артык жан адам
Жыргалым сенсин махабатым ай

Другие песни исполнителя:

  • Ала-Тоо ак калпагын кийген кезде, Аскасы көк асманга тийген кезде. Мен дагы жолго чыгам таңды тосо, Кучактайм ой-кырларын нурга кошо. Улуусуң, кыргыз жери, нурдан бүткөн, Сулуусуң, кыргыз жери, ырдан бүткөн. Ысык-Көл жердин көркү, кырлар кашы, Адырлар көкүрөгү, токой чачы. Дайралар кан тамыры, чоку таажы, Седеби, топчулары, ар бир ташы. Кең жүздүү, гүл денелүү кыргыз жери, Күн жүздүү, берекелүү кыргыз жери. Жылдыздар көк бетинен өчкөн кезде, Жарык нур жер жамалын өпкөн кезде. Көл чалкып, тоолор койнун ачкан кезде, Дил жаркып, таң күлкүсүн чачкан кезде. Көркүңө көрк кошулат, кыргыз жери, Сезилет ата-энелик мээримдери.
  • Биз олтурган гүл бакта эй, Сүйүү чексиз нур чачкан. Сезимдерге оролгонсуйт, Сени менен гүл бакчам. Сага болгон ак сүйүүмдү, Арнасам сен уялсаң. Ал ансайын сүйүүм артып, Бир өзүңө тартылам. Кайырма : Сүйөмүн десем уяласың го. Сүйкүмдү карап бураласың го. Сыздатып жанды суналасың го жаным. Сүйөмүн десем уяласың го. Уяңкы күлүп жылмаясың го. Бир согор эми биздеги жүрөк жаным Биз табышкан гүл бактан эй, Сүйүү өнүп гүл ачкан Сүйдүрүп сен өзүңдү ий, Сүйүү таптым ал бактан Адашкан жүрөктөр эй Бир бирине суусаган Кезигишет мен ишенем Сүйүү табат гүл бактан
  • Жебедей эки кашың тартылган Жетсем деп сага талпынам Суктанып суусап жүрүп кездештим Сулууга сендей калкымдан Жаштыкты биз сыйлайлы, ай асыл эркем Жаштык ырын ырдайлы, ай асыл эркем Жебедей каштарыңдан Же сылап чачтарыңдан Жер менен басканыңдан ай Кайырма Жүрөктөн чыккан Жүрөктөн чыккан Дартымды уксам Дартымды уксам Көңүлүм чындап сага берилген Көбүрөөк айтчы кебиңден Таштуу жер бастым кулунду издеп Таппадым сендей элимден Жаштык деген бир келет, ай асыл эркем Жаштык өтсө ким берет, ай асыл эркем Жебедей каштарыңдан Же сылап чачтарыңдан Жер менен басканыңдан ай
  • Ай чырайлуу назик асыл жан Айперим! Ак таңымсың аткан татынам Айперим! Арзыттырып мени алдың го Айперим! Ашык болуп сага калдым го Айперим! Кайырма: Кашы кара, Көздөрү да кара. Көзүм түштү сага Көңүлүм бар менин. Күлчү кана, Күлгө айлансын санаа Айперим! Ажарыңа сенин багынам Айперим! Алоолонгон ысык табынан Айперим! Ааламдагы жарык сенсиң ал Айперим? Асман карап күткөн менмин ал Айперим. Кайырма: Кашы кара, Көздөрү да кара. Көзүм түштү сага Көңүлүм бар менин. Күлчү кана, Күлгө айлансын санаа Айперим!
  • Ошол күнү толкунданып олтурдум, Күндөр өттү жалгыз сени ойлоймун. Жан дүйнөмө жарык берип бир өзүң, Ак сүйүүнү жүрөгүмө орноттуң. Көрдүм сени, көңүлүмө сен жактың, Сага арнап чын жүрөктөн ыр жаздым, Көрүшкөндө тик карабай көзүңө, Уялдым, көздөрүңдү алып качтың. Кайырма: Сүйүп калдым кантейин? Сүйүп калдым мен кантейин? Сүйүп калдым кантейин? Сүйүп калдым мен кантейин? Пайда болуп түшүнүксүз бир сезим, Сени жактырып калганымды сездим. Кантем, айтчы, сүйүп калган окшоймун? Көргүм келип сени гана издеймин. Менин сүйүүм эмне үчүн кайгылуу? Неге сүйүүдөн боло албаймын бактылуу? Сүйүп калдым, бирок жетпешимди билемин, Деги айтчы, эмнеге бүтпөйт сагынуу. Кайырма: Түн уйкумду сага арнап уктабай, Жөнөкөй мүнөзүңө мен суктанып. Сүйүп туруп каламынбы жете албай? Кетесиңби жаш жүрөктү ыйлатып? Эгер сүйсөм кантип айтпайм жашырып, Жүрөгүмдө ошол сезим жашаса. Көргүм келип жүрөм сени сагынып, Бирге бассак кол кармашып жанаша. Кайырма: