Казахские песни Узбекские песни

Песня «алтыным»
исполнителя Эрлан Андашев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Багыңа мени чакырдын,
Багынтып дүйнөм мас кылдың.
Баары сен болуп жашоомдун,
Байкатпай мени азгырдың.

Кайырма

Жаныңа жаным тартылат
Көргөндө көзүм карагат
Арбалып сага баратам
Алтыным
Багынтып бизди махабат
Бактылуу күнгө чакырат
Багында бакыт куш сайрап
Алтыным

Жүрөктүн издеп ачкычын
Жүрөгүм үчүн жактырдым
Кулпулап эми жүрөгүм
Алып ал өзүң ачкычын

Кайырма

Балын бир татып сүйүүнүн
Бирге бир жүрчүү күн келсин
Кош жүрөк согуп турганда
Сүйүүмө сүйүң дем берсин

Другие песни исполнителя:

  • Элиңдин келечегин бүгүн ойлон, Ал үчүн Мекениңди сүйүп ойгон. Жеңишке жете алабыз эңсеп жүргөн, Пейлиңди, жан дүйнөңдү кенен койсоң. Тар жолдо тайгаланса канча жаның, Багыттан алга деген чарчабагын. Көралбас ар кадамда коштоп жүрөт, Кыялды, максатыңды таштабагын. Кайырма: Эртең кеч, бүгүн, азыр ойгонуп, Элиңдин келечегин ойлонуп. Түшүнсөң жаңы күндүн таңы сен, Калың журт колдоп турат баары тең!!! Кыргыздын айбаты курч сүрү болгон, Кайтпаган ата-бабам улуу жолдон. Татыктуу урпак болуш үчүн анда, Эртең кеч болот билсең бүгүн ойгон. Жетпейсиң бийиктерге үмүт үзсөң, Канча жан өлкө үчүн күйүп бүткөн. Тайманбай алдыда бар улуу сапар Баралы келечекке бизди күткөн.
  • Армандын торундамын, азаптын шорун таттымү Сен көрбө абалымды, жүрөгүң оорутпагың Кайырма: Жанашып жүрбөс болдум, жылмайып күлбөс болдум, Сүйүүдөн көңүл калды, мен эми сүйбөс болдум. Калган жок башка арга, тагдырга багынбаска Мен дагы жолугаармын, а сенин бактың башка Кайырма: Жанашып жүрбөс болдум, жылмайып күлбөс болдум, Сүйүүдөн көңүл калды, мен эми сүйбөс болдум.
  • Айылды бүгүн эскердик, Ак шамдар жактан кеч келдик. Апакем уй саап короодо, Адырдан ойноп кеч келдик. Кайырма: Апакем кайда? Мен кайда? Адырлуу тоолор, сен кайда? Убакыт болуп табышмак Уктабай түндө далайга. Жоругу тентек балдарбыз, Жоогазын терип алганбыз. Жок дүйнө менен алышып, Жомоктон жаралгандарбыз. Кайырма: Ал кезде биз да жаш элек, Аскерден абам кат берет. Көбүрөөк окуп апакем, Көзүнө ысык жаш келет.