Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кыргыз жери»
исполнителя Эрлан Андашев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ала-Тоо ак калпагын кийген кезде,
Аскасы көк асманга тийген кезде.
Мен дагы жолго чыгам таңды тосо,
Кучактайм ой-кырларын нурга кошо.
Улуусуң, кыргыз жери, нурдан бүткөн,
Сулуусуң, кыргыз жери, ырдан бүткөн.

Ысык-Көл жердин көркү, кырлар кашы,
Адырлар көкүрөгү, токой чачы.
Дайралар кан тамыры, чоку таажы,
Седеби, топчулары, ар бир ташы.
Кең жүздүү, гүл денелүү кыргыз жери,
Күн жүздүү, берекелүү кыргыз жери.

Жылдыздар көк бетинен өчкөн кезде,
Жарык нур жер жамалын өпкөн кезде.
Көл чалкып, тоолор койнун ачкан кезде,
Дил жаркып, таң күлкүсүн чачкан кезде.
Көркүңө көрк кошулат, кыргыз жери,
Сезилет ата-энелик мээримдери.

Другие песни исполнителя:

  • Биз олтурган гүл бакта эй, Сүйүү чексиз нур чачкан. Сезимдерге оролгонсуйт, Сени менен гүл бакчам. Сага болгон ак сүйүүмдү, Арнасам сен уялсаң. Ал ансайын сүйүүм артып, Бир өзүңө тартылам. Кайырма : Сүйөмүн десем уяласың го. Сүйкүмдү карап бураласың го. Сыздатып жанды суналасың го жаным. Сүйөмүн десем уяласың го. Уяңкы күлүп жылмаясың го. Бир согор эми биздеги жүрөк жаным Биз табышкан гүл бактан эй, Сүйүү өнүп гүл ачкан Сүйдүрүп сен өзүңдү ий, Сүйүү таптым ал бактан Адашкан жүрөктөр эй Бир бирине суусаган Кезигишет мен ишенем Сүйүү табат гүл бактан
  • Армандын торундамын, азаптын шорун таттымү Сен көрбө абалымды, жүрөгүң оорутпагың Кайырма: Жанашып жүрбөс болдум, жылмайып күлбөс болдум, Сүйүүдөн көңүл калды, мен эми сүйбөс болдум. Калган жок башка арга, тагдырга багынбаска Мен дагы жолугаармын, а сенин бактың башка Кайырма: Жанашып жүрбөс болдум, жылмайып күлбөс болдум, Сүйүүдөн көңүл калды, мен эми сүйбөс болдум.
  • Ичим ысыйт өзгөчө Бир башкача жүрөгүм Сапар алдым өзүңө Сак айылым түнөгүм Тоолор мени тосуп Тоодой менин бугум бар Сагынычтын жашы менен Топурагым жуугум бар Кайырма: Тосуп алгын тосуп алгын айылым Жетип калдым жакасына айылдын Тосуп алгын тосуп алгын айылым Келип калдым жок жолуна айылдын Жүрсөм дагы алыста Сен деп жүрөт жүрөгүм Ааламга жол айылдан Башталарын билемин Канат күүлөп учурган Касиеттүү уямсың Кай жерлерге барбайын Кайра кайтып турайынчы
  • Сага мен кызым садагам кызым Амандыкты анан бакты тилейм Берекем кызым көлөкөм кызым Бул өмүрдүн балын тат тилейм Кайырма: Ата-энеңди сыйлап урматтаган Асылымсың сен акыл эстүү бол Кыргыз үчүн күйгүн кайда болбогун Кыйсайкалдай кызымдай эрктүү бол Периштем менин күлкүңдөн сенин Жыргалысың ушул дүйнөнүн Татынам өзүң турганда өзүң Мээримдүүлүктү кантип сүйбөйүн