Казахские песни Узбекские песни

Песня «Айыл кечи»
исполнителя Малика Дина.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Бак-дарак гүлдөп гүлүн ачкан,
Алма-өрүк аппак гүлүн чачкан.
Сагындым жыпар айыл кечин,
Кызарып ысык күндүн баткан.
Чымчыктарым сулуу чырылдашкан,
Агарып таң чыгыш жактан.
Сагындым айыл аппак таңын,
Күн нурун жерге жылуу чачкан.
Кайырма:
Ташкыны дайралардын,
Күкүктүн сайраганы.
Кызгалдак талаа, түздө,
Кызарып жайнаганы.
Кар кетип, суулар ташып аккан,
Чөп чыгып, күн нурун чачкан.
Сагындым жашыл көктөм жазын,
Кызарып тоого күндүн баткан.
Бак-дарак гүлдөп гүлүн ачкан,
Алма-өрүк аппак гүлүн чачкан.
Сагындым жыпар айыл кечин,
Кызарып ысып күндүн баткан.

Другие песни исполнителя:

  • Алгалай бер кыргыз уулу бийиктесин байрак, Жеңип баарын кайра,таштап салба, саналгыс жандан Ар күнү тердеген, Машыгып келгенден, Ар күнү от алган Элдерден дем берген! Таймаштын бардыгын жең Акырын тең, Баатырым сен, жакының мен Чын дилден колдоп келген! Кыйын болуп жатканда, Шашпа жерди чапканга, Үлгү болуп жаштарга Аракет кыл чечим тапканга! Баары сенин колуңда, Сенин колуңда! Башка жолун билбеген кете албайсың тагдыр багыңан! Кең ааламда эр жүрөктүн ээси сен, Кең ааламда күч кубатың сезилген Кең ааламда маанилүү кезинде Болгон күчүң берилген эң биринчини алганга! Алгалай бер кыргыз уулу бийиктесин байрак, Жеңип баарын кайра, жолуң тайгак бирок келет алың Алгалай бер, алга! Тарых жазгандай! Талкалай бер, талба! таштап салба билем келет алың! Дүйнө жүзүндө өздөрүн издеп, Ийгиликке жетет биздин жигиттер! Жерди титиретет биздин жигиттер Бири бирине тирек жанды жибитээр! Мурасты сен гана урпактарыңа! Жеткизесиң жалгыз дарактай кургап калба! Кыргыз баласы, Кыргызстан тааласындай жактарда! сагынат жерин, элин узак убактарга! Чаптырып күлүктү, жайлоо сүйүктүү, Алмашылбас бир да алтынга! Сактап уйунду, барына куйумдуу бол , Кыргыз уулу сунуп кол, биримдике жол Хук: Алгалай бер кыргыз уулу бийиктесин байрак, Жеңип баарын кайра, жолуң тайгак бирок келет алың Алгалай бер, алга! Тарых жазгандай! Талкалай бер, талба! таштап салба Саналгыс жандан