Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кыргыз уулу»
исполнителя Малика Дина.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Алгалай бер кыргыз уулу бийиктесин байрак,
Жеңип баарын кайра,таштап салба, саналгыс жандан

Ар күнү тердеген,
Машыгып келгенден,
Ар күнү от алган
Элдерден дем берген!
Таймаштын бардыгын жең
Акырын тең, Баатырым сен, жакының мен
Чын дилден колдоп келген!
Кыйын болуп жатканда,
Шашпа жерди чапканга,
Үлгү болуп жаштарга
Аракет кыл чечим тапканга!
Баары сенин колуңда,
Сенин колуңда!
Башка жолун билбеген кете албайсың тагдыр багыңан!
Кең ааламда эр жүрөктүн ээси сен,
Кең ааламда күч кубатың сезилген
Кең ааламда маанилүү кезинде
Болгон күчүң берилген эң биринчини алганга!

Алгалай бер кыргыз уулу бийиктесин байрак,
Жеңип баарын кайра, жолуң тайгак бирок келет алың

Алгалай бер, алга! Тарых жазгандай!
Талкалай бер, талба! таштап салба
билем келет алың!

Дүйнө жүзүндө өздөрүн издеп,
Ийгиликке жетет биздин жигиттер!
Жерди титиретет биздин жигиттер
Бири бирине тирек жанды жибитээр!
Мурасты сен гана урпактарыңа!
Жеткизесиң жалгыз дарактай
кургап калба!
Кыргыз баласы, Кыргызстан тааласындай жактарда!
сагынат жерин, элин узак убактарга!
Чаптырып күлүктү, жайлоо сүйүктүү,
Алмашылбас бир да алтынга!
Сактап уйунду, барына куйумдуу бол , Кыргыз уулу сунуп кол, биримдике жол
Хук:
Алгалай бер кыргыз уулу бийиктесин байрак,
Жеңип баарын кайра, жолуң тайгак бирок келет алың

Алгалай бер, алга! Тарых жазгандай!
Талкалай бер, талба! таштап салба
Саналгыс жандан

Другие песни исполнителя:

  • Сага байланган жолум ачылган асмандай Бекем кармаган колуң аткарылган армандай Ар бир сөзүң акыйкаттын өзү Жүрөгүмдөсүң, гүлдөр гүлдөгөнсүп! Ар күн сайын меники деп мактанайын Мен бакытымды тапкан айым Сен убакытың арнап дайым, Балапанын баккандай Сен меники деп мактанайын Мен бакытымды тапкан айым! Сен убакытың арнап дайым Кайырма Сага байланган жолум ачылган асмандай Бекем кармаган колуң аткарылган армандай Өмүр бою издеп жүрүп келип эми тапкан Мага тийген күнүм болдуң нурун берип жаткан Элестетсең тээ убактан Эң биринчи адамым кадимкидей эле жаккан Сени сүйүп калдым дубалап алгандай! Сүйбөсөм убалга калгандай Сопсонун билем эгерде сага жетпесем, Ойлор адашып барып дубалга кадалмай Сабырымдай салкыным Жүрөгүмдүн жарымындай алтыным Күндөрүмдүн тарыхындай бардыгың Мен үчүн чексиз бакыт Сабырымдай салкыным Жүрөгүмдүн жарымындай алтыным Күндөрүмдүн тарыхындай бардыгың Бул бакыт Кайырма Сага байланган жолум ачылган асмандай! Бекем кармаган колуң аткарылган армандай
  • Ошол түндөн бери, Оорудум эңсеп сени, От болуп,жанып жалындап Ооба,сыйкыр сыр бар, Ок жеген марал сымал, Оргуштап сезим балбылдап. Майда,майда, демиң сенин, Магдыратып барат мени, Өзүң билип,неге сезбейсиң эээй. Бирде жанып,бирде тоңуп, Махабаттан майып болдум, Өчүң бардай неге эзесиң. Кайырма Майда,майда, демиң сенин, Магдыратып барат мени, Өзүң билип,неге сезбейсиң Бирде жанып,бирде тоңуп, Махабаттан майып болдум, Өчүң бардай неге эзесиң. Кайдан жолуктурдум, Кайгыга жолум бурдум, Кантейин эми кантемин. Тиктеп көздөрүңө, Тизилген сөздөрүңө, Тирүүлөй күйүп кетемин. Кайырма Майда,майда, демиң сенин, Магдыратып барат мени, Өзүң билип,неге сезбейсиң Бирде жанып,бирде тоңуп, Махабаттан майып болдум, Өчүң бардай неге эзесиң. Майда,майда, демиң сенин, Магдыратып барат мени, Өзүң билип,неге сезбейсиң эээй. Бирде жанып,бирде тоңуп, Махабаттан майып болдум, Өчүң бардай неге эзесиң.