Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жолуктум сага»
исполнителя Малика Дина.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жашап сезимимде
Жайнап карегимде
Эргүү болуп дайыма
Көңүлүмдө жүрөсүң
Эркелейин сага улам
Деңиздей мен толкуп турам
Жүрөгүмдөн сага ишенем
Сен менен бакытты курам

Кайрыма:
Өмүрдөн белек мага
Жолуктум жаным сага
Арзыган ар бир таңга
Ак сүйүү азык жанга

Кайырма
Жаным , жаным менин
Жашыл жазым сенсиң
Бакыт болуп чексиз мага
Ойлорумда жүрөсүң
Сагынам неге неге, неге
Жанында сени турсам деле
Көңүлүмдү байлап алган ай
Көздөрүңдө нур бар беле

Другие песни исполнителя:

  • Түйүнүн тапчу элем түркүн сырдын Табышмак жылмаюуңа неге сындым? Сыйкырлап койдуң окшойт көңүлүмдү Жөн жүргөн жүрөгүмдү эмне кылдың? Ойлорум сага, Кыялым сага, Жан дүйнөм сага, сага Сен жака барам Ойлоймун сен деп, Кыйналам сен деп Жан дүйнөм сен деп күйүп жанат Болотко бул жөнүндө, жазса баян Түшүмдө сен жөнүндө келген аян Сүрдөтүп сүрдөбөгөн жан элем го Карасаң көздөрүңдөн неге таям? Ойлорум сага, Кыялым сага, Жан дүйнөм сага, сага Сен жака барам Ойлоймун сен деп, Кыйналам сен деп Жан дүйнөм сен деп күйүп жанат
  • Көлдүн жээги, бирге басып салкындап, Жайдар мүнөз, жаз күнүндөй жаркылдап. Жумшак шамал бетти аймалап сыласа, Майда толкун жээкке урунуп шарпылдап. Кошкун дедиң көпкө чейин кол булгап, Кете бердим пароходдо калкылдап. Эми алысмын куса болуп сагынып, Бирок дагы бирге жүрөт тамашаң. Түбөлүктүү, өмүрүмдүн шериги, Сени сүйүп, жалгыз сени жаратат. Ашыктыгым ого бетер артылат, Сагынганда сүрөтүңө карасам. Ар бир кыял, мүнөздөрүң көңүлдө, Унутпастан ойлойм өзүң жөнүндө. Сары алтын түбү келип сабырдын, Сагынуумдун зардабына жеңилбе. Аз күн калды жолугушчу убакыт, Сен узаткан Ысык-Көлдүн жээгинде.
  • Гүл болуп ачылайын, сага карайын, Сезимди барктай алсаң сүйүүм арнайын. Ак куудай апакайым, бир сени тандаймын, Кол кармашып түбөлүк жүргөндү самаймын. Кайырма: Жүрөк толкуп турат, сенден үмүт кылат, Балкып кетип мээримге кайра сүйүү сунат. Айга-күнгө теңеп, көкөлөткүм келет. Махабатты туу тутсак, бизге бакыт берет. Ак куудай бирге болсок сүйүү ак болот, Көңүлдөр болуп куунак, башка бак конот. Жылуу сөз айтсаң мага жүрөгүм козголот. Келечек чачып нурун, кыялдар ойгонот. Кайырма: Жүрөктө сүйүү болсо, кубанып жүзүң жанат, Сезимиң тунук болсо, махабат гүлүн ачат. Кош жүрөк бирге болсо, бакыттын балын татат, Жалгыздык кош айтышса, жакшылык жалын чачат.