Казахские песни Узбекские песни

Песня «Арзуу»
исполнителя Малика Дина.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сыйкырлап бүт сезимди
Каректериң көлбү же кең деңизби
Эңсеген кыялымдагы
Махабатым сен мага эми келдиңби
Сыйкырдуу көз карашың
Жүрөгүмдүн таптыбы бир айласын
Арбалып баратам мен
Айтчы жаным жүрдүң эле деги кайда сен

Кайырма:

Өмүрдө издеп жүргөн менин теңим сен белең
Тартуулап ак сүйүүндү жаным мага берсең
Күткөнмүн мен да сени көпкө асылым эркем
Аздектеп ак сүйүүндү эми өзүңө берем
Бир өзүңө берем

Аярлуу гүл дүйнөмдүн
Багбаны сен болуп мен сүйгөнүм
Гүл ачып жан дүйнөмдө
Түбөлүк бактылуу өмүр сүрөйүн
Байырлап жүрөгүмдү
Жаным сен гүлдөтчү күндөрүмдү
Бир согуп жүрөгүбүз
Кош канаттай бактылуу жүрөлу биз

Другие песни исполнителя:

  • Бак-дарак гүлдөп гүлүн ачкан, Алма-өрүк аппак гүлүн чачкан. Сагындым жыпар айыл кечин, Кызарып ысык күндүн баткан. Чымчыктарым сулуу чырылдашкан, Агарып таң чыгыш жактан. Сагындым айыл аппак таңын, Күн нурун жерге жылуу чачкан. Кайырма: Ташкыны дайралардын, Күкүктүн сайраганы. Кызгалдак талаа, түздө, Кызарып жайнаганы. Кар кетип, суулар ташып аккан, Чөп чыгып, күн нурун чачкан. Сагындым жашыл көктөм жазын, Кызарып тоого күндүн баткан. Бак-дарак гүлдөп гүлүн ачкан, Алма-өрүк аппак гүлүн чачкан. Сагындым жыпар айыл кечин, Кызарып ысып күндүн баткан.
  • Мен ойлоймун адашпадым, таптым деп, Махабаттын дайрасына түшүп сага актым деп. Эч ким билбес жүрөгүмдө бир жан бар, Ошол сезим балдай ширин, таза бактым деп. Айрыбагын, тагдыр, ушул бактыман, Жалганы жок жанып бүткөн бактыдан, Мендеги сезимдеги самап бүткөн бактыман. Кубанамын кыялымда жүрсөң да, Көзүң ирмеп жылмайып мага күлсөң да Мага күлсөң да… Айрыбагын, тагдыр, ушул бактыман, Жалганы жок жанып бүткөн бактыдан, Мендеги сезимдеги самап бүткөн бактыман. Эч ким билбейт, жүрөгүмдө муңум бар, Бир сырым бар… Жан адам сезбеген, ардагым, сага, Махабатым бар, махабатым бар. Айрыбагын, тагдыр, ушул бактыман, Жалганы жок жанып бүткөн бактыдан, Мендеги сезимдеги самап бүткөн бактыман.