Казахские песни Узбекские песни

Песня «Бакытым сен»
исполнителя Малика Дина.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Сыйкырлап бүт сезимди Каректериң көлбү же кең деңизби Эңсеген кыялымдагы Махабатым сен мага эми келдиңби Сыйкырдуу көз карашың Жүрөгүмдүн таптыбы бир айласын Арбалып баратам мен Айтчы жаным жүрдүң эле деги кайда сен Кайырма: Өмүрдө издеп жүргөн менин теңим сен белең Тартуулап ак сүйүүндү жаным мага берсең Күткөнмүн мен да сени көпкө асылым эркем Аздектеп ак сүйүүндү эми өзүңө берем Бир өзүңө берем Аярлуу гүл дүйнөмдүн Багбаны сен болуп мен сүйгөнүм Гүл ачып жан дүйнөмдө Түбөлүк бактылуу өмүр сүрөйүн Байырлап жүрөгүмдү Жаным сен гүлдөтчү күндөрүмдү Бир согуп жүрөгүбүз Кош канаттай бактылуу жүрөлу биз
  • Мен ойлоймун адашпадым, таптым деп, Махабаттын дайрасына түшүп сага актым деп. Эч ким билбес жүрөгүмдө бир жан бар, Ошол сезим балдай ширин, таза бактым деп. Айрыбагын, тагдыр, ушул бактыман, Жалганы жок жанып бүткөн бактыдан, Мендеги сезимдеги самап бүткөн бактыман. Кубанамын кыялымда жүрсөң да, Көзүң ирмеп жылмайып мага күлсөң да Мага күлсөң да… Айрыбагын, тагдыр, ушул бактыман, Жалганы жок жанып бүткөн бактыдан, Мендеги сезимдеги самап бүткөн бактыман. Эч ким билбейт, жүрөгүмдө муңум бар, Бир сырым бар… Жан адам сезбеген, ардагым, сага, Махабатым бар, махабатым бар. Айрыбагын, тагдыр, ушул бактыман, Жалганы жок жанып бүткөн бактыдан, Мендеги сезимдеги самап бүткөн бактыман.
  • Мезгилинде ойго албай, Жөлөгүбүз боло албай. Мен периште кезимдеги элесиң бар, атакебай. Эрке кызың эстебей, Өмүр жолдо жетелебей. Бул жалганда атакем ай, Барсың бирок, элесте ай. Кайырма: Атакем менин, дүйнөдө сенин, Бар үчүн демиң, жакшы көрөм. Бар үмүтүбүз, билсең өзүңсүз, Күйүп-жанды атакебай. Жылдар өтүп бой жеттим. Мен да бешик терметтим. Биздин бирок тирегибиз, Келбейт күтпөйм, издедим. Кайырма: Атакем менин, дүйнөдө сенин, Бар үчүн демиң, жакшы көрөм. Бар үмүтүбүз, билсең өзүңсүз Күйүп-жанды атакебай. Атакем менин, дүйнөдө сенин, Бар үчүн демиң, жакшы көрөм. Бар үмүтүбүз, билсең өзүңсүз Күйүп-жанды атакебай. Кайырма: