Казахские песни Узбекские песни

Песня «Билбейсин сен»
исполнителя Малика Дина.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Түйүнүн тапчу элем түркүн сырдын Табышмак жылмаюуңа неге сындым? Сыйкырлап койдуң окшойт көңүлүмдү Жөн жүргөн жүрөгүмдү эмне кылдың? Ойлорум сага, Кыялым сага, Жан дүйнөм сага, сага Сен жака барам Ойлоймун сен деп, Кыйналам сен деп Жан дүйнөм сен деп күйүп жанат Болотко бул жөнүндө, жазса баян Түшүмдө сен жөнүндө келген аян Сүрдөтүп сүрдөбөгөн жан элем го Карасаң көздөрүңдөн неге таям? Ойлорум сага, Кыялым сага, Жан дүйнөм сага, сага Сен жака барам Ойлоймун сен деп, Кыйналам сен деп Жан дүйнөм сен деп күйүп жанат
  • Ошол түндөн бери, Оорудум эңсеп сени, От болуп,жанып жалындап Ооба,сыйкыр сыр бар, Ок жеген марал сымал, Оргуштап сезим балбылдап. Майда,майда, демиң сенин, Магдыратып барат мени, Өзүң билип,неге сезбейсиң эээй. Бирде жанып,бирде тоңуп, Махабаттан майып болдум, Өчүң бардай неге эзесиң. Кайырма Майда,майда, демиң сенин, Магдыратып барат мени, Өзүң билип,неге сезбейсиң Бирде жанып,бирде тоңуп, Махабаттан майып болдум, Өчүң бардай неге эзесиң. Кайдан жолуктурдум, Кайгыга жолум бурдум, Кантейин эми кантемин. Тиктеп көздөрүңө, Тизилген сөздөрүңө, Тирүүлөй күйүп кетемин. Кайырма Майда,майда, демиң сенин, Магдыратып барат мени, Өзүң билип,неге сезбейсиң Бирде жанып,бирде тоңуп, Махабаттан майып болдум, Өчүң бардай неге эзесиң. Майда,майда, демиң сенин, Магдыратып барат мени, Өзүң билип,неге сезбейсиң эээй. Бирде жанып,бирде тоңуп, Махабаттан майып болдум, Өчүң бардай неге эзесиң.
  • Сезимдердин мейкин талаасында, Сан жетпеген жылдыз арасында. Канат күүлөп учам, кучагыма кысам кыялымда. Эрке желдей сызам, эргип бийик булуттарга. Кайырма: Көздөрүмө кумар, Көңүлүмө тумар, издеп келемин, Билбей себебин. Ыйык сезимдин гүлүн теремин, Сени келер деп, күтө беремин, Айтчы себебин. Сени ойлоп турам жалгыз кечте, «Сүйөм» деген сөзүң дайым эсте. Тагдыр бизди кошсо, Бакыт кол созом келечекке, Баалай турган кезим, Бал татыган таттуу сезимимди берсе.
  • Сыйкырлап бүт сезимди Каректериң көлбү же кең деңизби Эңсеген кыялымдагы Махабатым сен мага эми келдиңби Сыйкырдуу көз карашың Жүрөгүмдүн таптыбы бир айласын Арбалып баратам мен Айтчы жаным жүрдүң эле деги кайда сен Кайырма: Өмүрдө издеп жүргөн менин теңим сен белең Тартуулап ак сүйүүндү жаным мага берсең Күткөнмүн мен да сени көпкө асылым эркем Аздектеп ак сүйүүндү эми өзүңө берем Бир өзүңө берем Аярлуу гүл дүйнөмдүн Багбаны сен болуп мен сүйгөнүм Гүл ачып жан дүйнөмдө Түбөлүк бактылуу өмүр сүрөйүн Байырлап жүрөгүмдү Жаным сен гүлдөтчү күндөрүмдү Бир согуп жүрөгүбүз Кош канаттай бактылуу жүрөлу биз