Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кыргыз тилим»
исполнителя Арсен.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Эне тилим, кылымдарды карыткан,
Ата-бабам сактап келген,
Өчүрбөгөн тарыхтан.
Байыртадан келген,
Залкар элим берген.
Кайырма:
Кыргыз тилим, ата-бабам сүйгөн,
Кыргыз тилим, Манас баатыр күйгөн.
Кыргыз тилим, улутумдун жүзү,
Адабияттын көзү кыргыз тилим.
Эне тилди унутпай,
Сүйлөйлүчү, кыргыздар.
Сакташ керек кеч боло элек,
Тилин сүйгөн уул-кыз бар.
Нечен кылым көргөн,
Орун алсын төрдөн.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Карегим сага кадап, Көзүмдү албай карап, Кыялым учуп барат. Жүзүңдөн жылдыз жанат, Махабат оту тамат, Жүрөгүм сени самап. Кайырма: Сезимдерим канат байлап, Сага карай учуп барат. Махабатым күйүп жанат, Жүрөгүңдөн орун алат. Жүрөгүм сени тандап, Жүрөмүн дайым жандап, Түгөнбөс сүйүү арнап. Жамалың турса жайнап, Махабат мени арбап, Бакыттын кушун кармап. Кайырма:
  • Ай-ий, Манас ата калтырган бул белеги, Ой-ий, Мекен үчүн чептей туруп берели. Ай-ий, элине тийген кереги, Ой-ий, урпактар өссүн береги. Ай-ий, жүрөгүң арнап бергин сен элиңе, Ой-ий, гүлдөтүп булак болуп бер жериңе. Ай-ий, күч кошуп элдин демине, Ой-ий, алдыга умтул темине. Ай-ий, кыргыздын элин даңктайлы! Ой-ий, кылымга аны сактайлы!
  • Өзүң менен Өмүр жолун бактым деп билем Кайгырсам да жыргалымсын сен Тагдырымдын буйругу экен Өзүң менен! Өзүң менен Өмүр жолун бактым деп билем Кайгырсам да жыргалымсын сен Тагдырымдын буйругу экен Өзүң менен! Сен жараткан берген Сен белегимсин сен Сен жүрөк эркеси Балдарымдын энекеси Өзүң менен Өмүр жолун бактым деп билем Кайгырсам да жыргалымсын сен Тагдырымдын буйругу экен Өзүң менен Кайырма