Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сага гана»
исполнителя Арсен.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Карегим сага кадап,
Көзүмдү албай карап,
Кыялым учуп барат.
Жүзүңдөн жылдыз жанат,
Махабат оту тамат,
Жүрөгүм сени самап.
Кайырма:
Сезимдерим канат байлап,
Сага карай учуп барат.
Махабатым күйүп жанат,
Жүрөгүңдөн орун алат.
Жүрөгүм сени тандап,
Жүрөмүн дайым жандап,
Түгөнбөс сүйүү арнап.
Жамалың турса жайнап,
Махабат мени арбап,
Бакыттын кушун кармап.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Менин бактым белең? Жарык чачып сезимге сен. Күнү-түн үмүтүм, Күндөрдү бирге өткөрсөм деймин. Сага карап айтам, Жүзүң сүйүп, эркелеп сен. Карегиң карагат, Жагымдуу күлкүң жарашат сенин. Кайырма: Тагдырым бирге болсо, Ажырабай жүрөк соксо. Айланабыз ажайып, Кооз гүлгө толсо. Эркелетип, эргитип сүйсөм, Сен махабат оту бол. Алоолонуп жалыны, Аткан таңымдай. Жашоо көркү сен болуп жүрсөң, Жанымдан кетпей. Кайра-кайра эңсейм, тартыламын, Гүл болчу, күн болчу сен. Кайырма:
  • Сезим ээлеп, сен деп ооруп калдым, Байкабадым, ойго салып мени оттой жандың, махабатым. Шыбыраган үнүң шоокумубу жаздын? Кулагыма жаңырат тыбыраган үнүң, Көз жашыма окшоп жамгырдай төгүп турат. Кайырма: Элесиң сенин, Эсимде менин. Кайрылып келчи сагындырбай, Кайгыны жеңчи сагындырбай. Жароокерим жаркыраган, Менин ак таңым. Жанаша баспадың, Күүгүм түшүп ачылбады, Менин асманым. Жарыгың чачпадың. Кайырма:
  • Я хотел бы прошептать слова любви, Я хотел бы прокричать «Меня прости!» То, что было между нами — все прошло, Все, что было с нами, что произошло? Кайырма: Снова ночь заменит боль, Я играл не эту роль, Потеряв покой, лишь понял я. Сны покинули меня, В этом лишь моя вина, Между нами выросла стена. Говорят, что ты в кого-то влюблена, Говорят, что с ним счастлива, а я… Упустил мечту свою, ты не со мной, Вновь брожу по темным улицам с другой. Кайырма: Потеряв покой, лишь понял я. Сны покинули меня, В этом лишь моя вина, Между нами выросла стена. Эту ночь заменит боль, Я играю эту роль. Сны покинули меня, В этом лишь моя вина. Прости и отпусти меня…
  • Бир аз эшик суук, бирок жүрөктө жылуу, Турамын кар үстүндө мен музыка угуп. Элдерди карасам баары шашылат, Карысы да жашы да жана тайгаланган машина. Бул кыш мезгил Африкада күтпөгөн, Жылмаюну алыстатып кабактарды бүркөгөн. Карапайым калкты кыйнап убараны жүктөгөн, Музга айлантып айлананы көрүнгөнсүйт бүтпөгөн. Аны көзгө алба, бул да кайгыга салбайт, Ишембиге даярданып досторуң менен камдан. Салтка калган көнүгүү, лыжа менен өнүгүү, Аппак болуп жердин бети кыштын сыйкыр бөлүгү. Эгер кар көп жааса, өзүң жалгыз калсаң,токтогонсуйт өмүрүң… Жылытсын музыкам жанды, жүгүртүп тамырдан канды. Чыдап кой сен бир аз калды, жаз да келет көрүнүп. Кайырма: Жаңы жыл келсин, жанып бүтпөгөн, Жарык жүктөгөн элиме, Ар бир үйгө кут толуп, Жаңыласын бүт толук жериме. Көлдүн үстү көк муз жылгаяк, Азыр бештин айы, жыл аяк. Жаңы жыл, элим кайра жылмаят, Ар бир үйдө таттуу мандарин, ыр майрам. Көлдүн үстү көк муз жылгаяк, Азыр бештин айы, жыл аяк. Мени карап кыргыз аяз кызы жылмаят, Сулуулугун көтөрө албай менин буттарым таят. «Жаңы жылдык белектер жылуулукту берет» деп, «Аяз ата баш багып, унутпастан келет» деп. Күтөм мен, күтөт бүт дүйнө, күтөт президент, Күтөт ар бир үй бүлө, кубанычка кезигет. Кыштын бою меникиндей кыска болсун, Бирок кыш да өзгөлөнүп кызык досум. Үшүп калба жылуу кийин көңүлүңдү түшүрбө, Чыдап кой сен, бир аз калды кыш да өтөт сызып досум. Кайырма: Жаңы жыл келсин, жанып бүтпөгөн, Жарык жүктөгөн элиме, Ар бир үйгө кут толуп, Жаңылансын бүт толук жеримде..