Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сурарым кез кез»
исполнителя Таалай Бектурганов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Тарбия бардыгына бирдей берет, Он бала болсун багат ата-эне. А бирок ошол ону биригишип, Багышпайт ата-энени эминеге. Кол созуп бир кездерде келе-келе, Келе бер, кармат мага өзүң жебе. Дегендер боор көтөрүп үй-жай күтсө, Унутат ата-энесин эминеге? Оокат таап адилеттүү эмгек менен, Адамдык сапатыңды тилеп келген. Ай ушул адам болуп кетсинчи деп, Ата-энең болчу өргө жетелеген. Көрүнүп эл көзүнө коройгондон, Бой болсо ак теректей соройгондо. Карабай атасына, энесине,энесине, Кай мерез басып кетет чоңойгондо. Турмуш оор жүз каталык кеткен күндө, Ойло дос, жаңылыштык кылып жүрбө. Билсеңер ата-эненин милдетинен, Кутула албайсың ар тирүү күндө. Туурдан учурганын унут койбой, Адамдык сапатыңды астиң ойло. Өзүң дөй ташбоордуку балдарыңдан, Көргөндө өкүнбө гүн ушуну ойлон.
  • Кыялбай бир өзүңдү, Алоолоп оттой жандым. Сагынба, баарын унут, Алтының болбой калдым. Кайырма: Канчалык күттүм күндө, Өрт болуп отко күйбө. Мени эми кызыктырбайт, Сен мени сүйгүн, сүйбө. Мен сени сагынбаймын, Сага арнап ыр жазбаймын. Сени ойлоп мен ар дайым, Өзүмдү кыйнабаймын Кайырма: Токтобой, тып-тып тамат, Көзүмөн жаштар улам. Акыркы коштошоордо, Мен сени кыйбай турам. Кайырма: Биз дагы жолугабыз, А бирок сендик болбойм. Жанымда жүрсөң дагы, Жүрөгүм муздак бойдон
  • Балбылдап жанган чырагым элен, Жанымдай коргон ынагым элен. Алыста журсом таштап сен кеттин. Ардагым менин туруксуз белен. Азыр да ойдо элесин турат, Сагыныч отун озуно бурат. Эстесем ошол кундорду, Козумдон жашым агат-куюлат. Андан бери кундор отту уланып, А мен болсо журом сени сагынып. Журогум сыздап кетет сени ойлосом, Унутпай эстей жургун мени дагын. Азыр да ойдо элесин турат, Сагыныч отун озуно бурат. Эстесем откон кундорду, Козумдон жашым агат-куюлат. Суйгонум мен тагдырга таарынбаймын, Суйбосон суйчу деп жалынбаймын. Кутомун куто берем махабатым, Суйгонмун суйчу белем сени дагын.
  • Сен тартынбай мага карачы, Колуң сунуп колум кармачы. Түбөлүктүү болуп мен менен, Көп кыйнабай менин санаамды. Кайырма: Мен суранам, сенден суранам, Сен кайрылсаң абдан кубанам. Колтукташып сен менен басып, Алкымыңдан ай мен жыттасам. Түшүнбөдүм сенин оюңа, Бере албадың каттын жообун да. Жүрсөң керек сен да сагынып, Ойго батып сарсанаага. Кайырма: Оо, менин сүйгөнүм, Назира, Жүрөгүмдө жалгыз сен гана. Кармашып колубуз дайыма, Калсакчы, садагам Назира