Казахские песни Узбекские песни

Песня «Балалык»
исполнителя Айбек Касымов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:



Кадимкидей баары элесте
Эмеспелек кечээ наристе
Кубалашып ойноп журчу элек
Карагаттуу жашыл белесте




Шамал менен кошо жарышып
Таарынышып кайра табышып
Уйду жазап ойноп журчу элек
Кыз беришип келин алышып




Кайырма:
Эх балалык биздин балалык
Сени издеп кайдан табалык
Макул десен мезгил дагы омур
Бир кунунду кайрып алалык




Коз алдымдан отот чубалып
Кочолордон кочо чуу салып
Согуш ойноп тынбай журчу элек
Дущмандарды женип туу алып




Ооба анын баары эсимде
Курчагымды болоп бешике
Жоокер кутуп уйдо калчу элек
Жетсе экен деп алар женишке

Другие песни исполнителя:

  • Ой, бото көз, бозой сени сагынган, Жылытсам дейм жүрөктөгү жалындан. Башың ийкеп бал сөзүңдөн таттырбай, Бачым басып өтүп кеттиң жанымдан. Калдым жалгыз улутунуп өзүмчө, Кабак чыттың көчөдө элдин көзүнчө. Карабадың арт жагыңа кылчайып, Калп бейм, антың алдамчынын сөзүнчө. Көргөн сайын короосунан үйүмдүн, Күүсүн угам күлкү аралаш үнүңдүн. Улам жанып жылдыз өңдүү жылтылдып, Учкундары сен жакка учат сүйүүмдүн.
  • Суу жаңыртып Ала-Тоонун жылгасын, Талаа тыңшап торгойлордун ырдашын. Жаз жадырап мен турамын сумсайып, Жазда неге келбей койдуң кымбатым. Жазда неге келбей койдуң кымбатым Жаркын гүлдө жасалгалап кыр башын, Жай чыгарып табигаттын сымбатын. Жер жапжашыл менин өңүм керсары, Жайда неге келбей койдуң кымбатым. Жайда неге келбей койдуң кымбатым Дарак тагып түркүм мөмө сыргасын, Суктандырды адамдардын кыйласың. Күтүп жүрсөм жүзүм камдап өзүңө, Күздө неге келбей койдуң кымбатым. Күздө неге келбей койдуң кымбатым Эки жүрөк бирин бири тындасын, Эзилишип элжирешип жыргасын. Керемет бар сенде кышты жай кылар, Келчи келчи кыш чилдеде кымбатым, Келчи келчи кыш чилдеде кымбатым Керемет бар сенде кышты жай кылар, Келчи келчи кыш чилдеде кымбатым, Келчи келчи кыш чилдеде кымбатым Келчи келчи кыш чилдеде кымбатым
  • Закымдап кеткен элестер, Түшпөсө эске ким эстер. Түшүрөп жүрсөм аралап, Кызгалдак терген белестер. Жалындап өткөн мезгилди, Жаш алам көзгө эми эстеп. Бүлдүркөн терсек сыдырым, Сылаган жүзүң кыдырып. Эркелеп тостун ошондо, Тентисе тентек сыдырым. Сыдырым болбой эмне деп, Ичимден тынгам сызылып. Балдыркан терсек караган, Балтырың чийип канаган. Карабай ага кечкенсин, Суктантантып сууга жалаган. Суу болуп калбай эмне деп, Ойлорго чөккөм ааламат. Эзелки ойлор аламан, Булуттай ээрип тараган. Жаштыктын жашыл ээлеси, Эмгиче кетпейт санаадан. Азыр да журөк зырп этет, Кызгалдак көрсөм талаадан.