Кусалыкка батты,
Жүрөгүм кыйналды.
Асылым сыздаба,
Жолугабыз биз кайра.
Өзгөнү сүйө албай,
Бир сени унута албай.
Кыйнаба жалгыз мени,
Жүрөккө от салбай.
Кайырма:
Ар күнү сагынып,
Кусага малынып.
Арначы өзүңдү,
Жүрөктү багынтып.
Жалгызым кыйнаба,
Кайрылчы сен мага.
Арманым кыйнады,
Азапка сен салба.
Карагат көздөрүң,
Сүйкүмдүү сөздөрүң.
Шайырсың ар дайым,
Сага мен ашыктым.