Казахские песни Узбекские песни

Песня «Бир сени»
исполнителя Абир Касенов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кусалыкка батты,
Жүрөгүм кыйналды.
Асылым сыздаба,
Жолугабыз биз кайра.
Өзгөнү сүйө албай,
Бир сени унута албай.
Кыйнаба жалгыз мени,
Жүрөккө от салбай.

Кайырма:
Ар күнү сагынып,
Кусага малынып.
Арначы өзүңдү,
Жүрөктү багынтып.

Жалгызым кыйнаба,
Кайрылчы сен мага.
Арманым кыйнады,
Азапка сен салба.
Карагат көздөрүң,
Сүйкүмдүү сөздөрүң.
Шайырсың ар дайым,
Сага мен ашыктым.

Другие песни исполнителя:

  • Көп күттүргөн аруу сезим келди мага, Көкөлөп учкан куштай ак таңымда. Тагдырым белек берген бакытымды, Таалайымды түбөлүк мен таптымбы? Кайырма: Өзүңдү мен өмүр бою издеп келгем, Көздөрүңдөн арзуу нурун көрсөм дегем. Мөлтүр таза менин сага махабатым, Жообун күткөн чын сүйүүмдү кабыл алгын. Жүрөгүмдүн ооттой ысык алоосу сен, Жаштыгымдын жанып турган каалоосу сен. Жанбиргем деп жандап жүрсөм сезим арнап, Жалындаган сүйүүм менин сени тандап. Кайырма Айланчыктап, жаныңдан чыккым келбейт, Айды кармап сырдуу түндө күткүм келет. Айперидей жамалыңды бир көрүүгө, Аздек кыял айдап келем мен күнүгө.