Казахские песни Узбекские песни

Песня «Интернет»
исполнителя Тата Улан.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Төшкө кагып такылдатып айтар сөзүң барбы? Караңгыда көз көрбөсө карматканым шамбы? Бул жашоодо сени ойлогон бирөө-жарым барбы? Эне-атаңдын көз карашы чырайлуу таңбы? Бул жашоодо өмүр сүрүп, ойлонгонуң чынбы? Керектүүсүн талкуу кылган дареметиң тыңбы? Кыйналгандар көтөрө албай тырс эттирип сынды, Оор көтөргөн бөтөлкөсү адамды тыйды. Ар заманда кыйынчылык өз калыпта болгон, Касиетин жоготкондор саман-саман толгон. Бийлик менен тирешүүлөр ар кылымда болгон, Акча деген балакетиң бай-кедейге бөлгөн. Кайырма: Оор турмушту ханга шылтап көнгөнүбүз баары бир, Таба албастан жерди жыттап жүргөнүбүз баары бир. Жалкоолукту күлкү кылып күлгөнүбүз баары бир, Келечексиз ушул жорук мага деле баары бир. Кимиң барсың, айта албайсың, ушул сөздү баары бир, Жаштын көбү үн чыгарбайт, угушпайт го баары бир. Устукан бизге тартылат, унутпагын баары бир, Сөздөрүмө түшүнбөсөң, чын жүрөктөн баары бир. Сен барсыңбы бул дүйнөдө апаң үчүн таңбы? Кудай деген сөздөрүндө калыс, чындык барбы? Ачык көңүл, ыйман жолго көкүрөгүң тарбы? Ташта ары жаман ойду, таптап өткөн жарды. Чет өлкөдө кызмат өтөп, оор жумушка зарбы? Элдин саны чет өлкөдө бир кичине шаарбы? Кордук көрүп кыйналгандар араңарда барбы? Мен да болгом жаныңарда күрөп жолдон карды! Банк көбөйүп жергебизде, Швейцария аталдык, Акча жуучу кир машине Мексика шайландык. Ысык-Көлдү талаттырып, мончо кыла салдык, Кызын сатып көнгөндөрдөй болгону калдык. Кайырма: Кечиргиле катуу тийсе жүрөктөгү сөздөр, Ылдый карап өтө албастан түз караган көздөр. Азыр сүйлөп кыйналганым болгону бир сөздүр, Мени көрүп сөз таба албай унчукпады көздөр. Бул жашоонун кереметин толук татып көргүн, Дыбыратып өтүп кетет турмуш деген – өткүн! Көз жумулуп ачылганча көркү келет күздүн, Кайсы бактан өмүр бою үзүрүн үздүң? Элин баккан жигиттердин казынасы толсун, Кыргыз наамын көтөргөндү Кудайым колдосун. Эне-атасын сыйлаганга ыйман бекем болсун, Дин жолунда жүргөндөргө Алла ыраазы болсун!
  • «Кап» этпесе угуп койчу мындай болгон окуя, Чындык болбос калп нерседей жай айтылган акыя. Көгүчкөндөр учуп жүрөт бир айылда тыптынч, Жан көрүнбөйт тегеректе болуп турса чак туш. Эшикке чыкты бир карындаш кызыл өтүк кийген, Сулуу чырай келбетине ишенгенин билген. Шаарды көздөй сапар алды саркеч сумка асынган, Кандай болот келечеги тагдырына таарынган. Чимирилип ылдый түшөт кызыл сары жалбырак, Көздөн агат жаш куюлуп көкүрөккө тамчылап. Кабак бүркөп кейип-кейип калаа көздөй келатат, Үйдөн качып уруш менен эркиндикке баратат. Өрүп жүргөн жибек чачты белге таштап чачты, «Өзүм түзөм өз жашоомду!» – деп кыйкырып качты, — «Мен түшүнгөн өмүр жарды издештирип табамын, Өзүм деле сулуу кызмын жакканымды чабамын!»Бул жашоодо баары болот капа болбо карындаш, Түз узасан тез жетесин жоолук азды кайып каш. Бактылуулукту эңсейсин жолок болгон асыл таш, Оозду чүйрүп: — «Жебейм дейсиң!» — суусап алды кашыкташ. «Бул жашоого жеткен арман Кудай өзү кечирсин, Турмушуңда өзүң карман ката сенден кетпесин!» Деп айтчу эле сага энең күндө мээңди жегенде, Сен укпадын аны деги: — «Билем, билем!» – дедиң сен.Титиреген эриндериң муздадыбы таштан, «Сүйөм, сүйөм, сүйөм!» – дедиң, сылаттырып чачтан. Өзүң эле ысып турган кучагына жолодуң, «Күйөм, күйөм, күйөм!» – дедиң. Күйүп кеттиң, кор болдуң. Титиреген эриндериң муздадыбы таштан, «Сүйөм, сүйөм, сүйөм!» – дедиң, сылаттырып чачтан. Өзүң эле ысып турган кучагына жолодуң, » Күйөм, күйөм, күйөм!» – дедиң . Күйүп кеттиң, кор болдун.Сейил бакта эс алганда көрүп калдым ал кызды, Дарак сүйөп жалгызданып, көктү тиктеп жалынды. Көзүң тузун кошо жууду өксүп-өксүп ыйлаган, «Не болду?» – деп сурангандан тилим барбай кармалган. Ыйдын ачуу добушуна денем бою кысылып, Не дээримди билбей калдым сөзүм тилге кыпчылып. Оюм кетти жаман жакка. «Ташталдымбы бечара?!» Оюнчуктай оюн болдуң булгандыңбы таптаза. Алдандыңбы таттуу сөзгө бир максатты көздөгөн, Сүйүүң күйүү болуп кетти капилеттен күтпөгөн. Өзүң назик, ишенчээксиң! Не көздөйсүң бул жолду, Акыл келет тайгаланып ыйлап бүтүп бирге өлдү. Не кыл дейсиң азыр турмуш бүт жагынан бузулган, Арам нерсе мода болуп, жаман жолго алпарган. Төштү ачып суктандырып, чакырасың шайтанды, Жакын келип денең менен, өзүң баштап жаманды. О шайтаның качып! Чапташтырган эй заман, Сен жактырган нерселерди териштирсең бүт жалган. Сактап жүргүн жеңил болбой кыздыгыңды намысты, Кол тийгизбе ойноктобой сылаттырып чачыңды. Сен сөздөрдү туура түшүн эрке боюң актабайм, Менде да бар карышдашым ага жаман каалабайм.Бул жашоодо баары болот капа болбо карындаш, Түз узасан тез жетесин жоолук азды кайып каш. Бактылуулукту энсейсиң жөлөк болгон асыл таш, Оозду чүйрүп: — «Жебейм дейсиң!» — суусап алды кашыкташ. «Бул жашоого жеткен арман Кудай озу кечирсин, Турмушуңда өзүң карман ката сенден кетпесин!» Деп айтчу эле сага энең күндө мээңди жегенде, Сен укпадың аны деги: — «Билем, билем!» – дедиң сен. Титиреген эриндериң муздадыбы таштан, «Сүйөм, сүйөм, сүйөм!» – дедиң, сылаттырып чачтан. Өзүң эле ысып турган кучагына жолодуң, «Күйөм, күйөм, күйөм!» – дедиң. Күйүп кеттиң, кор болдуң. Титиреген эриндериң муздадыбы таштан, «Сүйөм, сүйөм, сүйөм!» – дедиң , сылаттырып чачтан. Өзүң эле ысып турган кучагына жолодуң, «Күйөм, күйөм, күйөм!» – дедиң. Күйүп кеттиң, кор болдуң.