Казахские песни Узбекские песни

Песня «А мен пенде»
исполнителя Октом Сапар уулу.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ийинимде артылган, куржун толо ырым бар,
Жүрөгүмдө басылган, сандык толо сырым бар.
Чырмалышкан дүйнөмө, чечилбеген түйүн бар,
Теңеле албай башкага, тебеленген сүйүүм бар.
Кайырма:
А мен пенде шашпаган,
Жараланган, аксаган.
Жараткандан бак тилеп,
Жаман жолго баспаган.
А мен пенде жашыкмын,
Дале болсо ашыкмын,
Аруу сүйгөн жан элем,
Кай жеримден жазыктым.
Арман менен кайгымды, айтып берет кайрыгым,
Андан башка мүмкүн жок, ошол менин байлыгым.
Ыдыраткан жашоомду, ырас ошол түйүн бар,
Ырым муңдуу болсо да, ызаланган сүйүүм бар.

Другие песни исполнителя:

  • Бир канча жолу көрсөм дагы, Негедир кумарым канбады. Бийкечтин катышуусундагы кинотасмага, Аткарып селки башкы ролду. Атайын терспи ал же оңбу? Ансайын ойго салчу болду, Сыр болуп мага. Кайырма: Бир көрүүдөн сени сүйгөм, Өмүрүмдө махабаттын таңы аткан го. Кыял козгоп, кыяк боздоп, Термелемин сезимдерде жаңырып танго. Айласыз күнгө кабылган кез, Сагынтып назик, сүйкүм элес. Келер деп аны жолдон эмес, Күтөм экрандан. Кинодон сүйүп жүрүп эле, Акырын унутарсың дебе. Мен үчүн өмүрүмдө деле, Ал башкы каарман.
  • Сымбаты назик, мүнөзү жайдары, Суктанат көктөн, кызганып ай дагы. Ак көйнөк кийип ааламды ажарландырат, Анткени бүгүн ал кыздын майрамы. КАЙЫРМА: Келинчек татына, Келишкен аты затына. Келбети көздү уялтат, Керемет, жакшына! Перизат татына, Пейили шайкеш затына. Көктөгү күндөй жана бер, Көз тийбей бактыңа. Ырыска толгон кареги чырактай, Ыйманы тунук, тоодогу булактай. Жылмайса жүзү жаздагы таңдай жаркырайт, Жараткан берген, чырайын суратпай.