Казахские песни Узбекские песни

Песня «Омур»
исполнителя Мухтар Атаналиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Өмү деген, берилет бизге бир жолу гана,
Жараткандын буйругу экен жашоо ааламда.
Адашпайлы жашоодо жаманга жанашпайлы,
Биз эч качан досторго жамандык санашпайлы.
Кайырма:
Өмүр, өмүр өтпөсүн бекер
Бир келген өмүр.
Өмүр, өмүр калбасын
Биздин бул өмүр.
Өтөт өмүр эсте калып кызык бир баяндай
Өмүр барда жакшылык жасайлы биз аянбай.
Адашпайлы жашоодо жаманга жанашпайлы,
Биз эч качан досторго жамандык санашпайлы.

Другие песни исполнителя:

  • Достум эсиңде барбы, Ызы-чуу түшкөн мектептин алды . Бас десе баспай, жаз десе жазбай, Тажаткан күндөр эже-агайды. Кайырма: Мен биринчи атаман, сен экинчиде, Бирде сени келтектеп, бирде келтек жеп ээй. Канча жолу мушташтык биз кыз талашып, Аттиң ошол күндөр калды кайда адашып?. Достум бүгүн мен, сен да , Өзгөрдү баары, өзгөрдү эл да. Балалык кезим сенин да менин, Сагынтан бизди туулган жер да. Кайырма: Эх, досум эстей жүр дайым, Биз ойноп,өскөн мектептин багын. Тааныткан тамга сага да, мага, Унутпа дайым эже – агайды.
  • Көк шибер жашыл көктөм, Көнөктөп жамгыр төккөн. Жадырап май айындай, Жашарып көңүл өскөн. Сезимдин айы ушул, Сен күткөн, мен да күткөн. Кайырма: Май айы-махабатым, Маңдайга жазган бактым. Өзүңдөн таткым келет, Өмүрдүн ыракатын, Май айы-менин бактым. Сулуусу он эки айдын, Сурайлы сырын майдын. Ачылып гүлдөй өмүр, Арылат капа-кайгың. Жашайлы ырга айлантып, Жаштыктын жашыл айын. Кайырма: Май айы-махабатым, Маңдайга жазган бактым. Өзүңдөн өмүр улап, Өзүңдөн сүйүү таптып, Май айы -махабатым. Жаштыкты коштоп турган, Жазга мен окшоп турам. Жамалы-жашың ыраң, Жакшы ойду козгоп турган. Мезгилдин перзентине, Мен сени окшоштурам. Кайырма: Май айы-махабатым, Маңдайга жазган бактым. Сүрөп бар санжылдарга, Сүйүүсүн ар бир жаштын.
  • Чынын да эле айтсам күндөрүм, Чыдабаймын сени көрбөсөм. Азаптуу күнгө туш болом, Көңүлүң чындап көлбөсөң. Кайырыма: Эй, кызыл жолукчан, Болдумго сен деп оорукчан. Токтогул менен Алымкан, Жолукчу жерден, эй, жолуксам. Сыланып күндө тарансаң, Суктанбай сага кое албайм. Жароокер селким жайнаган, Кааласаң өзүмдү сага арнайм. Кайырма: Эй, кызыл жолукчан, Болдумго сен деп оорукчан. Данияр менен Жамилия, Жолукчу жерден, эй, жолуксам. Эй, кызыл жолукчан, Болдумго сенден оорукчан. Раймалы менен Бегимай, Жолукчу жерден жолуксам.