Казахские песни Узбекские песни

Песня «Арзыкан»
исполнителя Малик Аликеев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Арзыкан, Алайдан чыккан сулуусуң,
Арзыкан, агарган таңдын нурусуң.
Кызыгып кыздар таккандай,
Кызыл бермет шурусуң.
Айылыбыз бирге болбогон,
Алыскы жериң курусун.
Арзыкан, көңүлүң жумшак жаздайсың,
Арзыкан, пейилиң келгин каздайсың.
Көйкөлүп басып жүргөнүң,
Көлдөгү сүзгөн каздайсың.
Көңүлдөш курбуң мен турсам,
Көңүлсүз кимди наздайсың?
Арзыкан, ак булбул конуп сайраган,
Аралаш кайың тал болсоң.
Аянбай ичип ийгендей,
Аякка куйган бал болсоң.
Алышып ойноп жүрүүгө,
Айылыбыз жакын жар болсоң.

Другие песни исполнителя:

  • Ысык-Көл жээгине сейилге чыктым, Ысымын сулуунун ар жерден уктум. Калагым кайыкта толкунду шилейт, Толкундар баары эле, «Жамиля, сен кайда, кайдасыӊ?» дешет. Баратам кайыкта термелип, тездеп, Бакытка термелткен сулууну эӊсеп. Үстүмдөн булуттар буулугуп өчөт, Булуттар баары эле, «Жамиля, сен кайда, кайдасыӊ?» дешет. Ай айтты, күн айтты асылдын атын, Алтынга, каухарга алмашпас затың. Анда да жүрөгүм зырп эте түшөт, Баары эле, «Жамиля, сен кайда, кайдасыӊ?» дешет.
  • Жаныӊда жарыӊ болуп, балдарыӊ да, Үйүӊдө тынчтык толгон жылуулук да, Жан досум, мени көздөй шашылбагын, Жан дүйнөӊ бөлүнбөсүн, кымкууттукка. Эрдей, эр жигиттей олтурганда, Тагдырыӊ кубанычка толтурганда, Жан досум, мени көздөй ашыкпагын, Жан үрөп кабылбагын опурталга. Үзөӊгү буттан тайып турган кезде, Үмүтүм үзүл-кесил калган кезде. Жан досум, жанымда бол, өтүнөрүм, Тагдырым таш боорлугун салган кезде.
  • Беттин көркү нур менен, Белдин көркү кур менен. Биз сүйгөн сулуу Мөлмөлүм, Белгилүү болсун ыр менен. Эки илебиң кызыл гүл ачылгандай, Мөлмөлүм. Бир карасаң жүрөккө от чачылгандай, Мөлмөлүм. Маңдай чачың Маргалаң жибегиндей, Мөлмөлүм. Сенин ышкың баланын тилегиндей, Мөлмөлүм. Өтүмдүүсүң Өзгөндүн күрүчүндөй, Мөлмөлүм. Созулганың зергердин күмүшүндөй, Мөлмөлүм. Майиндигиң жоргонун жүрүшүндөй, Мөлмөлүм. Гүлзар кылчы жүрөктүн какшып жаткан чөлдөрүн. Күйдүм, Мөлмөл, аппагым, Ааламдан сендей таппадым. Издеп-издеп күн-түнү «Мөлмөлүм!» деп какшадым. Секин баскан бутуңдан, Сейдана мончок жытыңдан. Кадам койгон бутуңдан, Калемпир мончок жытыңдан. Чыныга куйган бал болсоң, Чымындай ага малынсам. Чыга албай жатып ошондо, Чын өзүңө багынсам. Чыгарып койсоң боор ооруп, Чырагың болуп жагылсам. Алты оролуп мойнуңа мен, Ак маржан болуп тагылсам. Берейин десем малым жок, Мал табууга алым жок. Кедейликтин дартынан, Тышым жалын, ичим чок. Бирок да мунун баарына Карабайт экен көңүл шок. Көрүнүп койсоң бир жолу, Булуттан чыккан айга окшоп.