Казахские песни Узбекские песни

Песня «Махабат деми»
исполнителя Акбар Суйунбаев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Дүйнөдө ыйык махабат,
Жете албай жүрөм төрүнө.
Өзүңдөн мээримиң самап,
Сүйүп жашайм мен өмүрдө.
Жан дүйнөм жетелейт сага,
Жолугуп, күндөрдү самап.
Сүйүүмдү кайталап айтып,
Үмүтүм өзүңө барат.
Жүрөктү терең уялап,
Жүрөсүң табылгыс жандай.
Жамалыңдын нуру тамат,
Асмандагы айдай…
Кайырма:
Ал менин махабатым,
Жүрөгүмдү ээлеген ашыктык деми менен.
Ал менин махабатым,
Үзүлбөс үмүт менен жалгыз сен деп жашап келем.
Жылдыздай жанып асманда,
Жүрөктү салып арманга.
Кусага толуп сезимим,
Жашаймын сен деп жалганда.
Жарыгым сенсиң, ардагым,
Жалының сыйкыр өңдөнүп.
Жашоонун муңун-азабын,
Жаркыным, бирге бөлөлү.
Тумарым болчу өчпөгөн,
Туу болуп жүрөк төрүндө.
Максатым сенсиң көздөгөн,
Жалындуу өмүрдө.

Другие песни исполнителя:

  • Муңкандырып жүзүмдү, Жылдарым жылып баратат, Эңсетип жалгыз өзүңдү. Арман көлүн кечербиз, Байланып аруу сезимге, Бакытсыз жандар экенбиз. Кайырма: Арманымдын азабын кечтим, Мендей сага каалабас бакыт эч ким. Ардагым, сүйө албас мендей эч ким. Арманымдын азабын кечтим, Мендей сага каалабас бакыт эч ким. Ардагым, сүйө албас мендей эч ким. Сен назик жүрөгүмдү өзүң ыйлаттың, Сен жүрөгүмдүн дартын ырбаттың, махабатым. Мен сезимге канат байлап сага учкам, Мен сени ай-ааламда ыйык туткам, махабатым. Жүрөгүмө элесиң, Уялады терең-терең, Бил, сезимим сени менен. Арманга сен алдырба, Айыпсыз жаным кайгырба, Ансыз да баттым кайгыга.
  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Досум мага таарынды, Канатымды кайрыды. Эт жүрөгүм эзгилеп, ай, Неге мынча сагынтты? Жандаш жүргөн дос элек, Жарты нанды бөлчү элек. Экөөбүзгө эмне болду? Бир болобуз дечү элек. Кан досуңа таарынба, Жаңы доско жагынба. Кандаш досуң күйүп-жанат, Барыңда да, жогуңда. Түн болбосо ай болбойт, Суу болбосо көл болбойт. Адамзаты ушундай да, Дос болбосо эл болбойт.