Казахские песни Узбекские песни

Песня «Суйом деп айта албадым»
исполнителя Клара Оролбекова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жылдыздай жанып келген
Жаркыган жарык белең
Жылмайган жылуу жүзүн
Жүрөктү эзип келген
Жанымда оттой жанып
Жылуулук берген элең




Жан дүйнөм сыздап жатты
Кызарып кунум батты
Жаш журок жараланып
Сезилбей тандар атты
Жалындап ырлар жазып
Караймын сен тарапты




Сездирбей мен ичимде
Суйом деп кайталадым
Сага арнап ырлар жаздым
Аны да байкабадын
Суйуусун мен албадым
Сени деп канчалардын




Сагынып сени күндө
Атынды кайталадым
Саргайдым жалбырактай
Куздогу бак-дарактын
Сен менен бактылуумун
Деп аттин айта албадым




Жүрөктү жарып өттү
Жанган от жанып очту
Жаш тамып коздорумдон
Жалдырап карайм кокту
Жаракат ырбап барат
Жаралап жан жүрөкту




Жылмайып бакыт кушун
Кучактап бек кармадым
Жалындап сени көздөй
Жолумлан кайта албадым
Жаным мен бир өзүңө
Суйом деп айта албадым

Другие песни исполнителя:

  • Жүрөлүк биз бирге кагып кош канат, Сенин жооң мага душман, кас болот. Мына биздин достугубуз сыяктуу, Балдарыбыз бир-бирине дос болот. Кайырма: Менин досум мени ар кез жактаган, Менин досум өзүң менен мактанам, Адал досум кыйын кезде колдогон, Менин досум бардыгынан жакшы адам. Тилерим чын башыңа бак консун деп, Өмүрүң тек кубанычка толсун деп, Бизди Кудай кошкон чыгар досум ай. Түбөлүктүү чын достордон болсун деп Кайырма: Менин досум мени ар кез жактаган, Менин досум өзүң менен мактанам, Адал досум кыйын кезде колдогон, Менин досум бардыгынан жакшы адам. Менин досум мени ар кез жактаган, Менин досум өзүң менен мактанам, Адал досум кыйын кезде колдогон, Менин досум бардыгынан жакшы адам.
  • Жалбырактай бул жүрөк, Унута албай жаз күнүн. Унута албай эңседим, Сүйгөнүмдүн наздуу үнүн. Менин жаныма, менин көзүмө, Жамгыр жаадырып, Сен кайда жүрдүң жаным, Сагынды сени менин жүрөгүм. Акылымды алып, алып. Сени колдон учурдум. Кайран көңүл калып, калып, Кол жетпесин түшүндүм. Мен кайра бакытты элестетем өзүңсүз, Сан гүлдөрдүн ичинен, Ошондо да сенде көңүлүм. Кайырма: Жаным сен мени сүйбөсөң да, Бала жүрөгүм алданып калды. Жылынар бир сөз айтпасаң да, Жаным, ошондо да сүйөм. Акылымды алып, алып. Сени колдон учурдум. Кайран көңүл калып, калып, Кол жетпесин түшүндүм. Мен кайра бакытты элестетем өзүңсүз, Сан гүлдөрдүн ичинен, Ошондо да сенде көңүлүм.
  • Сезимге ишенейин Бакытка бөлөйүн Жагымдуу ыр арнап берейин Теңеймин күн айга Күлүп жүр муңайба Сен барсың ыраазымын кудайга Жүрөгүм жүрөгүм жабыркап жүдөдүм Мен сени теңирден тиледим Жүрөгүм жүрөгүм жабыркап жүдөдүм Мен сени теңирден тиледим Мээримдүү жамалың Бүт дүйнөм ааламым Сен менен бакытты табамын Теңеймин күн айга Күлүп жүр муңайба Сен барсың ыраазымын кудайга Жүрөгүм жүрөгүм жабыркап жүдөдүм Мен сени теңирден тиледим Жүрөгүм жүрөгүм жабыркап жүдөдүм Мен сени теңирден тиледим