Казахские песни Узбекские песни

Песня «Менин сүйүүм»
исполнителя Калыс Жакыпов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жазгы шамал жумшак сылап самайыңдан
Байке дейсиң чын жүрөктөн мени сыйлай
Гитар чертип олтурамын мандайыңда
А сен болсо тим турасың мени сынай
Жылдыздай жанган көзүңдөн
Айланам сенин өзүңдөн
Түбөлүк гүлүм болсо дейм
Тилеймин сени теңирден, менин сүйүүм
Сен гүл болсоң кол жетпеген аскадагы
Мен күн болсом шоола чачкан асмандагы
Сен гүл болсоң айланаңды, кайтарайын
Жан жагына жолотпостон эч бир жанды
Жылдыздай жанган көзүңдөн
Айланам сенин өзүңдөн
Түбөлүк гүлүм болсо дейм
Тилеймин сени теңирден, менин сүйүүм

Другие песни исполнителя:

  • Кучакта мени Өзүңө сени Түбөлүк сүй деп Жараткан берди Кучакта мени Энчилеп сени Жүрөктө дайым Сактаймын эми Жаным сенин карай албай көздөрүңө Жаным сенин арбаламын сөздөрүңө Сендеп соккон жүрөгүмдү жаралаба Аячы мени, ая Жаным сенин карай албай көздөрүңө Жаным сенин арбаламын сөздөрүңө Сендеп соккон жүрөгүмдү жаралаба Аячы мени, ая Кучакта мени Жүрөктүн ээси Миңдеген жандан Тандадым сени Кучакта мени Таптым мен сени Эч кимге эми Бербеймин сени Жаным сенин карай албай көздөрүңө Жаным сенин арбаламын сөздөрүңө Сен деп соккон жүрөгүмдү жаралаба Аячы мени, ая Жаным сенин карай албай көздөрүңө Жаным сенин арбаламын сөздөрүңө Сен деп соккон жүрөгүмдү жаралаба Аячы мени, ая
  • Балбылдап каректериң Азгырып алды мени Сүйдүрөт ал аңсайын Бир түрлүү характериң Балбылдап каректериң Азгырып алды мени Сүйдүрөт ал аңсайын Бир түрлүү характериң Алтыным, айтайын сага бар сырым Бакытка сен деп балкыдым Жанымдан артыгым Алтыным, айтайын сага бар сырым Бакытка сен деп балкыдым Жанымдан артыгым Көздөрүң жоодураган Ок атып койду мага Козголуп сезимдерим Чын ашык болдум сага Көздөрүң жоодураган Ок атып койду мага Козголуп сезимдерим Чын ашык болдум сага Алтыным, айтайын сага бар сырым Бакытка сен деп балкыдым Жанымдан артыгым Алтыным, айтайын сага бар сырым Бакытка сен деп балкыдым Жанымдан артыгым
  • Апакай жылуу колуңдун Табына жылынайынчы Алдыңа жатып ыңаалап апа Алдейле ыр угайынчы Алдейле ыр угайынчы Мамыктай жылуу койнуңдан Мээримге бөлөнөйүнчү Мезгилди артка кайрычы апа Мен кайра төрөлөйүнчү Эртеңим билбейм эмине Э болду ойлобоюнчу Адамдар мени ыйлатса апа Алдейле соороноюнчу Алдейле ыр угайынчы Мамыктай жылуу койнуңдан Мээримге бөлөнөйүнчү Мезгилди артка кайрычы апоу Мен кайра төрөлөйүнчү Өмүрдө болуп өткөнгө Өкүнүп карабайынчы Катамды оңдоп алышка апоу Кайра бир жаралайынчы Кайра бир жаралайынчы Мамыктай жылуу койнуңдан Мээримге бөлөнөйүнчү Мезгилди артка кайрычы апоу Мен кайра төрөлөйүнчү Катамды оңдоп алышка апоу Кайра бир жаралайынчы