Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кечир мени»
исполнителя Калыс Жакыпов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Санаага салып мени түшүмө кирдиң
Садагам күнүм болуп күлмүңдөп тийдиң
Кайдасың айтчы деги ашыгым азыр
Кадырың кечир эми кечигип билдим
Эстесем эзилемин от болуп күйөм
Эх жаным кечирилгис беле не күнөм
Мейли күн арадан ай жылдар өтсө да
Мен сени махабатым баары бир сүйөм

Эркем ай дечелем сени
Эркелеп эми, кайрылып келчи
Кечирип мени

Сүйүүмө күбө менин асман да булут
Сезимим сага деген булактай тунук
Сагындым куса болуп асылым сени
Суранам кечир мени баарын сен унут

Кызыксыз күндөр өтүп өзүңсүз барат
Кымбатым күн өткөрөм жолуңду карап
Жыргалым кайрылып кел өтүнөм сенден
Жүрөгүм жүрөгүңдү күтүүдө самап

Эркем ай дечелем сени
Эркелеп эми, кайрылып келчи
Кечирип мени

Суйуубузду сактап калчы
Кечир мени, кечир мени
Кечиримди сурайм дагы
Кечир мени кечир эми
Сени эле күтүп келем,сени эле суйуп келем
Кечир мени жаным, кечир мени

Другие песни исполнителя:

  • Жан суйгонум сага жетер кун барбы Самайм кундо ичим таарып кызганып Жетелешип кыялдана бир баскан Коп кочодо экообуздон из калды Кун сулуу бирге болгон бир жургон Кумар канбай жыттайтурган гул белен Суйуу деген суттой тунук экенин Сени менен танышканда билдим мен Суйгонум качан жолугам Кармагым келет колундан Кутулар кунум бар бекен Кусалык деген оорудан Ар кочодо экообуздон из калды Ары бери откон селки кыздардан Салыштырсам сага окшобойт эч бироо Сагынычтан журок ооруп сыздады Суйгонум качан жолугам Кармагым келет колундан Кутулар кунум бар бекен Кусалык деген оорудан
  • Сырлуу сырлуу сырлуу Асман ыйлап жатат Тыңдап тыңдап тыңдап Жүрөк батты муунга Сынап сынап сынап Тагдыр койду мени кыйнап кыйнап кыйнап Жүрөгүм сыздаба Ардагым үмүт бер мага Сени мага жараткан өзү сыйлаган Сен ыйласаң жүрөгүм бирге ыйлаган Бир саат өзүңдү көрбөсөм жарыгым Сени мага жараткан өзү сыйлаган Сен ыйласаң жүрөгүм бирге ыйлаган Бир саат өзүңдү көрбөсөм жарыгы Жүрөгүм менин эчкимге сыйбаган Жүрөгүңдү бер мага, ээлеп алайын Ээлеп алайын, ээлеп ээлеп алайын Көңүлүңдү бер мага алып качайын алып качайын, алып алып качайын Жүрөгүңдү бер мага ээлеп алайын ээлеп ээлеп алайын Көңүлүңдү бер мага алып качайын алып качайын Сени мага жараткан өзү сыйлаган Сен ыйласаң жүрөгүм бирге ыйлаган Бир саат өзүңдү көрбөсөм жарыгым Сени мага жараткан өзү сыйлаган Сен ыйласаң жүрөгүм бирге ыйлаган Бир саат өзүңдү көрбөсөм жарыгы Жүрөгүм менин эчкимге сыйбаган
  • Жүрөгүмө ачылган гүлсүң Нур шооласы чачылган күнсүң Таңда да сезим бир сени Кубантып мени Махабатсыз өмүр өмүр болобу Сүйө албаса жаным көңүл толобу Арманым менин ардагым менин Сүйөмүн сени дагы дагы да Булбул болуп таңымда сайрап Гүлүм болуп багымда жайнап Арнасам тунук сүйүүмдү Кубантып сени
  • Сыланып, жылмайып бир кыз келет назданып Чачтары жыйналып, мен да калдым кыйналып Сыланып, жылмайып бир кыз келет назданып Чачтары жыйналып, мен да калдым кыйналып Дениздеги толукундай Жылмайып карадын ай Журогумдун сыр созун Жалгыз озун таптын ай Дениздеги толукундай Жылмайып карадын ай Журогумдун сыр созун Жалгыз озун таптын ай Сыланып, жылмайып бир кыз келет назданып Чачтары жыйналып, мен да калдым кыйналып Сыланып, жылмайып бир кыз келет назданып Чачтары жыйналып, мен да калдым кыйналып Аккуу канат жайгандай Асман нурун чачкандай Алып качпа жузунду Карап турсам кете албай Аккуу канат жайгандай Асман нурун чачкандай Алып качпа жузунду Карап турсам кете албай Сыланып, жылмайып бир кыз келет назданып Чачтары жыйналып, мен да калдым кыйналып Сыланып, жылмайып бир кыз келет назданып Чачтары жыйналып, мен да калдым кыйналып