Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сүрөтүнө»
исполнителя Аяна Касымова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сакта деп өзүң берген жалгыз сүрөт,
Сакталуу ошол бойдон менде жүрөт.
Тиктешиң тамашалап турган өңдүү,
Неге сен, неге сен, неге сен түштүң экен күлүмсүрөп.
Неге сен, неге сен, неге сен түштүң экен күлүмсүрөп.
Күлкүңө шектүү карап күткөн жүрөк,
Сезимге бир башкача ой түшүрөт.
Өкүнөм сен кайрылбай кеткениңе,
Калбай деп, калбай деп, калбай деп эч болбосо беттен бир өөп.
Калбай деп, калбай деп, калбай деп эч болбосо беттен бир өөп.
Өппөдүм мен өппөйүн, өкүнүч көп,
Мени алдап түшүмө окшоп кеттиң жөнөп.
Байкатпай мурдагыдай жүргөндүрсүң,
Башкалардын, башкалардын, башкалардын жүрөгүнө башың жөлөп.
Башкалардын, башкалардын, башкалардын жүрөгүнө башың жөлөп.
Эгерде бирөө болсо менден бөлөк,
Же тытып сүрөтүңдү же өрттөмөк.
Мен тытпайм, күнөө сенде сүрөттө эмес,
Сүрөтүң, сүрөтүң, сүрөтүң жүрө берсин күлүмсүрөп.
Сүрөтүң, сүрөтүң, сүрөтүң жүрө берсин күлүмсүрөп

Другие песни исполнителя:

  • Бир адам туболук журогундон орун алып Сага арнайт жан дуйнону Ар дайым биз жалгыз аны кутуруу Баястан: Бир адам бар , жалгыз сени кутуудо Жолукканда коюп чекит , токтотулат утурлор Актайт бардык талабынды , сен да ага жагасын Кол кармашып аны менен , туболукко каласын Бир адам бар , тагдырына жазылган Бир кадам бар , аны жаса азыртан Болгон кемчиликтер саналбайт , сен аларга камалба Суйгонундун таарынычын жазыш учун амал бар Кайырма:Аяна Касымова Бир адам бул дуйнону термелтет Журогум даяр сага бергенге Сен дайыма аны куткун Бекем болуп умутко Бир адам , ар дайым биз жалгыз аны кутуруу Бир адам туболук журогундон орун алып Сага арнайт жан дуйнону Ар дайым биз жалгыз аны кутуруу Баястан: Созсуз жолугасын сени суйгон адамга , Ишенип жур , бул дуйнодо сени куткон адам бар Тунук суйуу конул бурбайт абалына , заманга Кол кармашып отобуз биз , ииз калтырат кадамдар Жанаша басып омур бою , Ар бир созун угуп конул кой Ар дайым бир адам болуп оюн , Башка жандын оюн толук жойгун дейм Мен жолуктум издеп , суйуу жолуна Кезиктим жалгызыма , кармап алып колунан Туштум бирге махабаттын дооруна Даярмын , туболукко жакын алам боорума Кайырма:Аяна Касымова Бир адам бул дуйнону термелтет Журогум даяр сага бергенге Сен дайыма аны куткун Бекем болуп умутко Бир адам туболук журогундон орун алып Сага арнайт жан дуйнону Ар дайым биз жалгыз аны кутуруу (х2)
  • Көрүшкөндө көздөр тике карабай, Эки мүнөз уяң өскөн баладай. Жүрөк сырын жүзүбүздөн байкашып, Баратабыз гүлдүү бакты аралай. Биз ал күнү таанышканбыз жаңыдан, Жарым карыш чыккым келбейт жаныңдан. “Аппагыңды көрүп алчы” дегенсип, Аңгыча эле жарк дей түштү чагылган. Жарк дегенде неге сени карадым? Жүрөк булкуп жайнап турду жамалың. Дагы, дагы жарк дей түшсө экен деп, Ошондо мен чагылганды самадым. Басылганча туралы деп кичине, Баш катабыз бир күрмөнүн ичине. Ошол түндү дал ошентип өткөрдүк, Неге мынча сүйүү кызык кишиге?
  • Жүрөсүңөр жашап-иштеп алыста Чоло тийбейт ай өткөрбөй барышка Ак эмгекти актайын деп уулуңар Билим үчүн түшкөн узак жарышка Ойлоорсуңар санаа тартып, камыгып Садагалап, караанымдан кагылып Силер мени самагандай жол карап Мен да жүрөм өзүңөрдү сагынып Силер анда, мен күнчүлүк алысмын Заманамдан калбай келет жарышкым Алпештеген энем менен атакем Экөөңөргө өмүр бою карызмын