Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ажар»
исполнителя Аяна Касымова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Байкабай тагдырымды сөгүптүрмүн,
Буулугуп көз жашымды төгүптүрмүн.
Билбестен сүйүүм башка жан экенин,
Бекерге кайгы-муңга чөгүптүрмүн.
Жылдарга алдангансып өтүптүрмүн,
Жамгырга жалын болуп өчүптүрмүн.
Жүзүнөн күн сүйбөгөн алсыз гүлдөй,
Жашынып көлөкөдө өсүптүрмүн.
Жазмышда оңго айланып солдорубуз,
Жашоодо кайчылашып жолдорубуз.
Жек көрүп кайра анан жактырышып,
Жаңы эле кармашканда колдорубуз.
Зар болдум бир көрүүгө карааныңды,
Зарыгам билбейм кайда кабарыңды.
Заманам куурап сенсиз баратса да,
Зордобойм билсең болду жагарыңды.
Ар убак сен жөнүндө ойлономун,
Апкаарып элесиңен толгономун.
Ал тургай түшүмөн да сени көрүп,
Ак таңдан сени сурап ойгономун.

Другие песни исполнителя:

  • Краешком неба, Где облака, Мы с тобой ходим В руке рука. Белые стаи В синей дали Нам рассказали О любви. Только птицы знают, Видят свысока, В небеса впадает Любовь-река. Мы с тобою сами, Словно берега. И течёт над нами Любовь-река. Кто не умеет Просто любить, Тем эту реку Не переплыть. Если мы вместе, Мне подари Тихую песню О любви. Только птицы знают, Видят свысока, В небеса впадает Любовь-река. Мы с тобою сами, Словно берега. И течёт над нами Любовь-река. Только птицы знают, Видят свысока, В небеса впадает Любовь-река. Мы с тобою сами, Словно берега. И течёт над нами Любовь-река.
  • Көрүшкөндө көздөр тике карабай, Эки мүнөз уяң өскөн баладай. Жүрөк сырын жүзүбүздөн байкашып, Баратабыз гүлдүү бакты аралай. Биз ал күнү таанышканбыз жаңыдан, Жарым карыш чыккым келбейт жаныңдан. “Аппагыңды көрүп алчы” дегенсип, Аңгыча эле жарк дей түштү чагылган. Жарк дегенде неге сени карадым? Жүрөк булкуп жайнап турду жамалың. Дагы, дагы жарк дей түшсө экен деп, Ошондо мен чагылганды самадым. Басылганча туралы деп кичине, Баш катабыз бир күрмөнүн ичине. Ошол түндү дал ошентип өткөрдүк, Неге мынча сүйүү кызык кишиге?
  • Элим үчүн жүрөк оорусун Жерим үчүн жүрөк оорусун Элим үчүн жүрөк оорусун Жерим үчүн жүрөк оорусун Асманда учкан ак кептер Айланып кайтып бир келер Атадан калган асыл жер Арманым айтам укса эл [Кайырма] Элим үчүн жүрөк оорусун Жерим үчүн жүрөк оорусун Элим үчүн жүрөк оорусун Жерим үчүн жүрөк оорусун Жалындуу жүрөк тутанып Жашоого жаным чырмалып Турмуштан туура жол таппай Жүрсөм да элден, жерден адашып [Кайырма] Элим үчүн жүрөк оорусун Жерим үчүн жүрөк оорусун Элим үчүн жүрөк оорусун Жерим үчүн жүрөк оорусун Элим үчүн жүрөк оорусун Жерим үчүн жүрөк оорусун Элим үчүн жүрөк оорусун Жерим үчүн жүрөк оорусун See upcoming pop shows Get tickets for your favorite artists You might also like Много (A Lot) Heronwater Любить буду (I Will Love) Heronwater Утро (Morning) Дайте танк (!) (Daite Tank) Аманат айтам агайым Анты бар ар бир жигиттин Атадан калган жер үчүн Ападан калган эл үчүн [Кайырма] Элим үчүн жүрөк оорусун Жерим үчүн жүрөк оорусун Элим үчүн жүрөк оорусун Жерим үчүн жүрөк оорусун Элим үчүн жүрөк оорусун Жерим үчүн жүрөк оорусун Элим үчүн жүрөк оорусун Жерим үчүн жүрөк оорусун
  • Сакта деп өзүң берген жалгыз сүрөт, Сакталуу ошол бойдон менде жүрөт. Тиктешиң тамашалап турган өңдүү, Неге сен, неге сен, неге сен түштүң экен күлүмсүрөп. Неге сен, неге сен, неге сен түштүң экен күлүмсүрөп. Күлкүңө шектүү карап күткөн жүрөк, Сезимге бир башкача ой түшүрөт. Өкүнөм сен кайрылбай кеткениңе, Калбай деп, калбай деп, калбай деп эч болбосо беттен бир өөп. Калбай деп, калбай деп, калбай деп эч болбосо беттен бир өөп. Өппөдүм мен өппөйүн, өкүнүч көп, Мени алдап түшүмө окшоп кеттиң жөнөп. Байкатпай мурдагыдай жүргөндүрсүң, Башкалардын, башкалардын, башкалардын жүрөгүнө башың жөлөп. Башкалардын, башкалардын, башкалардын жүрөгүнө башың жөлөп. Эгерде бирөө болсо менден бөлөк, Же тытып сүрөтүңдү же өрттөмөк. Мен тытпайм, күнөө сенде сүрөттө эмес, Сүрөтүң, сүрөтүң, сүрөтүң жүрө берсин күлүмсүрөп. Сүрөтүң, сүрөтүң, сүрөтүң жүрө берсин күлүмсүрөп