Казахские песни Узбекские песни

Песня «18-жаш»
исполнителя Зейнеп Шакеева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Бүркөк асман жарк дегенде чагылган Байкоосуздан жалыныңа кабылгам. Бүт эркимди курчап алып махабат, Жалгыз сенин элесиңди жамынгам. Азыр мен да ойлоп аны жатамын, Ошол күндөр бүткөн өңдүү канымдан. Жымыңдашып жанып-өчүп чырактар, Али эсимде бирге олтурчу убактар. Жүрөктөрдүн кагышканын тыңшачу, Алыс калды алма жыттуу курактар. Чертүү эле го түгөнбөгөн күүлөрүн, Миң кайталап музыкалуу булактар. Таппай такыр махабаттын айласын, Сагындым мен жолукчу күн ай башын. Мурункудай күтүп жүрөм азыр да, Булбул куштун тереземден сайрашын. Ар убакта жолукчу элек бакчадан, Айтчы деги, асылкечим, кайдасың?
  • Чагылган Зейнеп Шакеева .......... Көрүшкөндө көздөр тике карабай, Эки мүнөз уяң өскөн баладай. Жүрөк сырын жүзүбүздөн байкашып, Баратабыз гүлдүү бакты аралай. Биз ал күнү таанышканбыз жаңыдан, Жарым карыш чыккым келбейт жаныңдан. “Аппагыңды көрүп алчы” дегенсип, Аңгыча эле жарк дей түштү чагылган. .......... Жарк дегенде неге сени карадым? Жүрөк булкуп жайнап турду жамалың. Дагы, дагы жарк дей түшсө экен деп, Ошондо мен чагылганды самадым. Басылганча туралы деп кичине, Баш катабыз бир күрмөнүн ичине. Ошол түндү дал ошентип өткөрдүк, Неге мынча сүйүү кызык кишиге? Ошол түндү дал ошентип өткөрдүк, Неге мынча сүйүү кызык кишиге?
  • Эсте секет, эсте секет кара көз, Эсиңдедир биз антташкан анттуу сөз. Коштошкондо кол кармашып жалжылдап, Гүл аңкыган көл боюнда турган кез. Тагдырымдын шамы болдуң бир өзүң, Жүрөгүмдү эриткендей мүнөзүң. Көз илинип уктап кетсем о чиркин, Колтукташып бирге ойноп жүрөсүң. Сүйүү гүлүн соолутпастан сактагын, Сага деген кымбат шертим актадым. Элесиңди көрүп алып түшүмдө, Коргошундай эрип кете жаздадым.