Казахские песни Узбекские песни

Песня «Энекем»
исполнителя Амир Аскаров.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Бал сымал тамшандырган
Өзүң жапкан ысык нан,
Ак сүтүң, алдей ырың
Азыктантат ырыстан.
Мен деп уктабай,
Убайым жеген ой санааңа таң берем,
Мен деп жалынган тилектериңе
Жарык жанып мен келем.
Кайырма:
Энекем — асыл тирегим,
Амандыгың тилеймин.
Энекем — кайратым менин,
Өмүр берсин Теңирим.
Сен аалам чегинде жок
Жансың эч ким теңелгис.
Мен үчүн баары белең
Жазы тоодой кебелгис.
Жүрөктөрүңдөн мээрим жайнаган,
Жүзүңдөн мен айланам.
Каректериңен жарык жанданат,
Карааныңа байланам.
Кайырма:
Энем — менин бейиш төрүм,
Берген өмүр белеги.
Энем — менин соолбос мээрим көлү,
Сен бар жашап келемин.

Другие песни исполнителя:

  • Эстеп таптаган сезим батпаган Мендик жүрөкө сендей эч ким жакпаган Ойлор чачылган өзүңө мен шашылгам Ай ооруду жүрөк кеттиң жаным акылдан Кайырма: Пай пай пай пай Жүзүң тунук бактыдай Көздорүң байлап алды тан чолпон жылдыздай Кантем ай ой кантем ай Пай пай пай пай Гүлүм гүлүм гүлүм ай Акаңды сыздатып сен кай жакта жүрдүң ай Эркем ай ох эркем ай Күндүз чачтарың бой көтөрүп басканың Сулуу кара көз кагып мени качпагын Таппай бараткам Бишкек Нарын Таластан А мен сүйгөн жүрөк көрсө түштүк тарапта
  • Длинная дорога и ты среди небес, Размытая картина и в ней твой силуэт. Мы с тобой как два огня окутывали всё вокруг себя, Теперь я один, я сам с собой, И ты не моя, и я не твой, Как же быть мне без тебя? Без тебя мне холодно. Ангел, лучик мой, поверь, Открой мне в сердце своё дверь, Поверь, я люблю тебя одну Без тебя я не могу. Я о тебя схожу с ума, И эти строки для тебя, Ты знай, я так люблю тебя, И будет так поверь всегда. Кайырма: Не важно с кем ты я приду к тебе, Ну, где ты? Найду тебя везде. Важно то, что мы будем вместе, Все мои чувства в этой песне. Сердце открыто лишь для тебя, Ты знай, родная, в тебе моя судьба. Ты понимаешь, лечишь и бережёшь от бед, Твоя любовь защита и это мой ответ. Блаженство рядом быть с тобой, И преданным тебе одной, Вдвоём по чаще оставаться, Губами сладких губ касаться, Дарить тепло и всё прощать, Едва расстаться и скучать. И каждая встреча как свидание, И знать наизусть твои желания, Думать как мне повезло, Как мне с тобою легко, тепло, И быть счастливыми всегда, Мы вместе будем навсегда. Кайырма: И взявшись за руки мы продолжим путь, Путь начат и главное, не свернуть. Я верю в тебя и ты тоже верь, Нам с тобою Всевышний открыл двери. Теперь главное бороться за любовь, Теперь главное повторять вновь и вновь, «Я люблю тебя», «Мен сени сүйөм», Мы должны закончить этот путь вдвоём. Кайырма:
  • Көз жаш болуп ыйлап төгүлөм, Көз мончоктой сынып бөлүнөм, Сени эстесем. Көлдөй терең ушул өмүрдөн, Көп киши жок, жалгыз көрүнөм, Сен кетпесең. Кайырма: Өтүнөмүн, өзгө жанга кетпечи, Өткөн күндү эстечи, Өкүнүчкө эзбечи. Күнөө кылсам, Койчу мени кечирип. Кайгы-муңга кезигип, Калдымбы же кечигип? Айтпадың чечилип. Кош эми, сезбедиң арманым, Колум сунуп, жетпей калганым, Сен кайрылбай. Билемин сүүүңдүн жалганын, Бир келген таалайың танганың Сен кайгырбай… Кайырма: Жетпесимди түшүндүм, Жалбырактай күздө үзүлдүм. Муздак сезим кабылып, Муза болбой сүйүүм үшүдүм. Жалынсам да келбедиң, Жалын сүйүү бербедиң мага, Бербедин мага…
  • Канча күндөр сенсиз өттү, Кусалыкта болуп, жоктоп жүрөк оруп. Көп ойлондум кайгы кетти, Таарынычым соолуп, сезим козголуп кайра. Кайырма: Эстей берем ансайын, Кайра сүйүү арнайын. Бир сени сүйөм дайым, Элесиңди унута албай эстей берем, Жетелешип жүргөн күндү эңсей берем. Кайра келчи, бул жашоодо бир бололу, Жүрөктөргө кайра сезим орнотолу. Билем сен да жүргөндүрсүң, Жаңы сезим таппай, башка эч ким жакпай. Сен да баркым билгендирсиң, Менсиз бакыт татпай, жүрөлүчү сактай бирге.