Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жаны жыл»
исполнителя Назми.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Эмнегедир жаз айы кечиккенсийт жолунан, Же чыкыроо атайын чыгарбайбы торунан. Жерден кетпей тоңголок кыштын тону агарып, Чымчык жарга корголоп чыркылдабайт таранып. Кайырма: Жазды күтөм сагынып, Жазда жерден кар кетет. Кызыл жолук салынып, Кыз да гүл да жарк этет. Эмнегедир жаз айы кечиккенсийт жолунан, Же чыкыроо атайын чыгарбайбы торунан. Кыш сүрүлсө челинип кара жамгыр туюлат, Булак музу чегилип мукам үнү угулат. Кайырма: Жазды тосом ийилип, Жерим кыштын кары. Жашыл көйнөк кийинип, Жаным келчи батырак.
  • Жамгыр төгөт айланага, Өзүн толо күч алат Асман жердин ортосунда, Бир ажайып нур жанат Кайырма: Дыбырт, дыбырт назик добуш, Музыкадай угулат, Дыбырт тамган жамгыр суусу Моюн ылдый куюлат. Кыз-жигиттер кыналышып Кол чатырга жашынат Кызгалдактар жерге ийилип, Жамгыр суусу тамчылайт Кайырма: Адамдардын өмүрлөрү, Жаап өтчү жамгырдай. Адам өтсө бул дүйнөдөн Ырыскыдан кар кылбай
  • Алсырап, жаным кейип турган кезде, Опол тоо жөлөк болуп койбойсуңбу? Билбедим, же байкабай жүрөсүңбү? Же мени оорубайт деп ойлойсуңбу? Муңканып муунум бошоп турган кезде, Күн болуп, кабакты ачып койбойсуңбу? Билбедим, же байкабай жүрөсүңбү? Же мени кейибейт деп ойлойсуңбу? Сезимдер толкуп-ташып турган кезде, Сен мага жылуу сүйлөп койбойсуңбу? Байкабай, же түшүнбөй жүрөсүңбү? Же мени сүйө албайт деп ойлойсуңбу?