Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жар жар»
исполнителя Назми.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кошулушуп эки жаш,
Жуп болуптур, жар-жар.
Кубанышып эл-журту,
Кут конуптур, жар-жар.
Толкуп келген мейманга,
Той баштайбыз, жар-жар.
Болушунча аянбай,
Бой таштайбыз, жар-жар.
Алтын ордо гүл бакча,
Калаалуу бол, жар-жар.
Артыңардан ээрчиген,
Балалуу бол, жар-жар.
Ак элечек колго алып,
Ыргап жүргүн, жар-жар.
Жакшы менен жаманды,
Ылгап жүргүн, жар-жар.
Асманда учсун куш болуп,
Ак тилегиң, жар-жар.
Ажырашпай бир жүрсүн,
Ак билегиң, жар-жар.
Баскан жериң дайыма,
Гүлдүү болсун, жар-жар.
Бүгүн курган жашооңор,
Бүрдүү болсун, жар-жар.
Ырыс алды — ынтымак,
Билип жүргүн, жар-жар.
Ата-энеге башыңды,
Ийип жүргүн, жар-жар.
Көлөкөлүү саябан,
Бак болгула, жар-жар.
Мөмөлөрү ийилген,
Шак болгула, жар-жар.
Кадыр көңүл табылбайт,
Калыс болгун, жар-жар.
Ушак менен айыңдан,
Алыс болгун, жар-жар.
Ак булуттай себилген,
Кар болгула, жар-жар.
Дайым ушул жашоодо,
Бар болгула, жар-жар.

Другие песни исполнителя:

  • Эмнегедир жаз айы кечиккенсийт жолунан, Же чыкыроо атайын чыгарбайбы торунан. Жерден кетпей тоңголок кыштын тону агарып, Чымчык жарга корголоп чыркылдабайт таранып. Кайырма: Жазды күтөм сагынып, Жазда жерден кар кетет. Кызыл жолук салынып, Кыз да гүл да жарк этет. Эмнегедир жаз айы кечиккенсийт жолунан, Же чыкыроо атайын чыгарбайбы торунан. Кыш сүрүлсө челинип кара жамгыр туюлат, Булак музу чегилип мукам үнү угулат. Кайырма: Жазды тосом ийилип, Жерим кыштын кары. Жашыл көйнөк кийинип, Жаным келчи батырак.
  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Ыр төгүлүп жүрөгүмдү эргиткен, Жыпар жыты көңүлүмдү сергиткен, Жайлоо гүлү. Искеп жытын, моокум канбай тургамын, Кереметүү, мен сагынып, мен күткөн, Жайлоо гүлү. Кайырма: Жайлоо гүлү, ак сүйүүмдүн күбөсү элең, Жүрөгүмдө ал сезимди өчүрбөй келем, Жайлоо гүлү. Жайлоо гүлү, унута албай өткөндү, Издеп келдим ошол кезди, көктөмдү, Жайлоо гүлү. Сыдырым жел эрке сылап жүзүмдөн, Эске салды эң алгачкы сүйүүмдү, Жайлоо гүлү.