Казахские песни Узбекские песни

Песня «Есимде»
исполнителя Назми.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кайырма:
Жайдын бир кезинде,
Адырлуу тоонун бетинде.
Сан гүлдөн тандап үзгөн,
Жайдары селки эсимде.

Өзүмдү сага берем деп,
Өмүрдүн гүлүн терем деп.
Сүйлөшкөн күндөр эсте,
Турмуштун сыры тереңдеп.

Агарып таңдар аткан,
Суюлуп жылдыз баткан.
Калдыго бекен эсиңде,
Кыйшпайбыз көз карашкан.

Антыңды ойлоп таңда,
Көңүлүм сенден дайыма.
Азыркы шайыр жаштардын,
Өзүңдөн болсун дайыма.

Другие песни исполнителя:

  • Эски гитар колдо муңканып, Ээн көчөдө ырдайм үн салып. Окуучулук күндөрүмдү, Эске салып жүрөм күндө, Көөдөнүмө батпай кусалык Кайырма: Токтоп турчу мезгил талпынбай, Өтөсүңбү моокум кандырбай. Жаңы-жаңы үмүт менен, Издеп, таппай күтүп келем. Классташтар кайда алтындай? Алыс болду бекем аралык, Жакын болсо жетип баралык. Тагдыр өзү кошсо керек, Кандай сонун достор элек, Мына минтип чилдей тарадык. Кайырма: Күтүүдөгү күндөр өтөт жай. Мейли өмүрлөр өтсүн узактай. Кош айтышпай калган элек, Жолугабыз анда демек, Бирок, бирок дале кош айтпай
  • Уча бер, үмүтүмдүн каркырасы, Өчпөгөн улуу күндөн шам сурачы. Баладай көз какканда бирди көргөн, Эненин этегинде барпырачы. Кайырма: Уча бер, үмүтүмдүн каркырасы, Шооладай туңгуюктан жаркырачы. Уча бер талыганча канаттарың, Келгиче өмүрлөрдүн аркы жазы. Уча бер, үмүтүмдүн каркырасы, Алдыда өмүрлөрдүн жарпын жазчы. Мен качан сууга чаңкап калган кезде, Тандайга тамчы болуп тамчылачы. Кайырма: Улетай, журавлик мой, в ночную даль, Унеся за гаризонт мою печаль. Ты лети пока не сбудутся мечты, И наступит время счастья и любви.