Казахские песни Узбекские песни

Песня «Тушалган махабат»
исполнителя Айдын Шер.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс
Сырымды сага айталбадым,
Өзүмчө ичимден сыздаймын,
Калбады баш ийбеске башка аргам.
Кусалыгымды сен сезбейсиң,
Сен да башка жанды эңсейсиң,
Негедир абалы эки жүрөктүн окшошуп калган.
Кайырма:
Азыр мен сени сүйбөймүн,
Сен дагы мени сүйбөйсүң.
Кандай болот турмушубуз,
Мен бушайман?
Мен дагы каалабасам да,
Калбады сенде да айла.
Тагдырыбыз экөөбүздүн тушалган.
А балким махабат бизде да жаралат.
Сезимге биздин эч карабай,
Ата-энебиз бизди кыйнады, ай.
Айласыз баш кошобуз,
Бул дүйнө жалган.
Ажалга өзүмдү кыйсамбы?
Же укпастан кетип калсамбы?
Түшүнбөй койду эч ким жардам берчи,
Оо, Жараткан!

Другие песни исполнителя:

  • На закате и во мгле, Мои мысли о тебе. Попрошу, малыш приди ко мне. Ты живёшь в моей душе. Подарила в теплоте, Ты заботу, ласку, нежность мне. Кайырма Я люблю тебя малыш, Ласку сердца ты услышь. Я лечу к тебе одной, Околдован я тобой. Красота твоя всегда, Окрыляет в небеса. Улетаю ты моя мечта. Ярче солнца светиш ты, Блеск в глазах твоих окуни. Обжигают пламенем, пойми. Я живу лишь для тебя, Ты как ангел для меня. Твои чувства я сберегу, Ведь я люблю!
  • Маралдай басканы багынткан асканы, Баш ийип беребиз байкабай башканы. Бар жашоо болуп сезилет, бакытың болуп кезигет. Жарык нур болуп себилет, Жан дүйнөң ага берилет. Жашоо берген керемет. Кайырма Жигит көңүлүн жибитет, Жибектей узун чачы. Жетсем деп жүрөк эргитет, Жебедей болгон кашы. Кериле басса жарашкан, Келбети мүчө-бою. Кылчайып баары карашкан, Кыздарда болуп ою. Күлкүсү булактай, көздөрү чырактай, Көнүшүп алабыз, көңүлдөр ынактай. Жаралган таңдын желинен, Жан экен өзү керилген. Жарадар болдум эми мен, Табамын кыргыз элимен. Сулуулар чыккан элимен. Кыздардын кылыгына, Кызыккан кылым мурда. Кыргыздын сулуулары, Жашасын кылымдарга.
  • Жолугуп махабаттын даамын татсаң, Жүрөгүң үмүт кылат. Жалгыздык кучагына азыр батсаң, Жан шерик күтүп турат. Жүрөк үнү да жалгыз болбойт, Сүйүп жүргөн адам алсыз болбойт. Сезимдин оту куйкаласа, Жалган дүйнө сага даамсыз болбойт. Өмүрүң көрккө келет жолун улап, Махабат жандап турса. Сүйүүгө жүргүн дайым кол булгалап, Тагдырың калчап турса. Жүрөк үнү да жалгыз болбойт, Сүйүп жүргөн адам алсыз болбойт. Сезимдин оту куйкаласа, Жалган дүйнө сага даамсыз болбойт. Турмушуң сызык болот, Ар кандай кызык болот. Махабат коштоп турса, Өзүңдү алдабагын. Тагдырды кармабагын, Сүйүү келсе. Махабат — өмүр көркү. Жүрөгүң сыздап, ооруп жатса, Чыдагын сен ансыз болбойт.