Казахские песни Узбекские песни

Песня «тоолук кыз»
исполнителя Бакыт Мамаев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Тоолук кыз, жан шеригим, жагып калдың,
Чагылган жангандай бир жанып калдың.
Капыстан сезимиме бүлүк салып,
Адашкан мергенчидей мен калып калдым.
Кайырма:
Издегеним, сен элең далайдан издегеним,
Канча ирет өзүңдү издебедим.
Кечтентип жолугууну, эмнеге «күздө» дедиң?
Тоолук кыз, назданбачы, талып кеттим,
Тоолордун шар суусундай агып кеттим.
Адашып жалгыз калган кайберендей,
Арзуумду айта албастан мен калып кеттим.
Кайырма
Тоолук кыз, томсортпочу өчүң бардай,
Элесиң тиктей берем көзүмдү албай.
Кайрылчы, кадырлашып жүрөлүчү,
Бир-бирин кыя албаган асылдардай.

Другие песни исполнителя:

  • Демиңди кыспа такыр дем ал элим Көзүңдү жумба такыр өчпөсүн сенин демиң Бул башка келген илдет чоң биримдиги Кайырма: Жаша кыргыз жаша элим жаша жандын Жаша адамзат бүт улуттар оттой жанып Жарык маанай кутту болсун ынтымакта О жараткан бул ырыскың эй сага таандык Башыңды көтөр журтум көтөр калкым Алоолоп үмүт өспөй алгалап жалындасын Бул илдет тапкандарга наалат айтам Жараткан берсин сага өз жазасын Чөк түшпө баатыр элим ойго батып Талпынгын сен умтулуп алгалап канат кагып Чыйралган үзүлбөстөн чыйралгын сен Эске тут бийиктигиң эске алгын ыйыктыгың кыргыз калктын