Казахские песни Узбекские песни

Песня «аруу сезим»
исполнителя Бакыт Мамаев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Күндө келем ал жерди караш үчүн,
Күтө берип күтүүдөн тажаш үчүн.
Атайлап кыйнаймын кара жанды,
Аруу сезим аз-аздан тараш үчүн.
Жазбаш үчүн сага арнап ырларымды,
Катам көңүл түбүнө сырларымды.
Сезимимден тезирээк чыгарсам дейм,
Сен мага арнаган жыргалыңды.
Келбесиңди билсем да саатты чектеп,
Келеби деп күнүгө эскини эстеп.
Жүрөгүмдөн сезимдер өчүш үчүн,
Жүргөн кезим өзүмдү өзүм жектеп.

Другие песни исполнителя:

  • Унутуп бүт бардыгын, умсунуп калам жалгыз, Айылында армандардын адашып биз да барбыз. Жоголгон жомогумсуң аягы унутулган, Бир келген коногумсуң, эй, коногумсуң, Эстесем улутунган. Жашайбыз эки башка, калабыз башка жерде, Атыңды унутпаска сөз берем кетсең деле. Жоголгон жомогумсуң аягы унутулган, Бир келген коногумсуң, эй, коногумсуң, Эстесем улутунган. Узаткам сени алыс, уурдаттым түбөлүккө, Баарына мезгил калыс, гүлдөрүм күүлүп түшсө. Жоголгон жомогумсуң аягы унутулган, Бир келген коногумсуң, эй, коногумсуң, Эстесем улутунган.