Казахские песни Узбекские песни

Песня «8-март»
исполнителя Гулжигит Сатыбеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кубанышып апалар, жалпы аялзат
Күндөгүдөн жүздөрүндө бугүн күлкү-шат
Гүлдестенин мыктысын тандап терейин,
Белек кылып бул ырымды ырдап берейин.
Бүгүн марттын сегизи, уккуң энеке,
Майрамыңда ырдабастан турам эмнеге.
Селкилерге ырдайынчы сага карындаш
Эжелереге, сүйгөн жарга, сизге жеңеке
Батына албай энелер бүгүн кубанып,
Кучагында гүлдөр толло ырлар уланып.
Аялзаты соолубасын, болсун ар дайым,
Бүгүн мен да ырым менен тилек айтайын.
Кайырма:
Наристеге каалоо айтам, жаткан бешикте,
Толкунданып, сүрдөнөмүн белек беришке.
Баарыбызды адам кылып, төрөп өстүргөн,
Оо, энелер чыкса деймин баары бейишке.

Другие песни исполнителя:

  • Сары-Челек көлдүн боюнда, Сен экөөбүз түндүн коюнунда Бирге отурсак арман жок эле. Канат күүлөп калкып турам, Чоң бакытка балкып турам, Кээде түшүп сүйүү жалынга. Жан дүйнөмө батпай келет, Эмне дешти таппай келем Бизди кошкон ушул тагдырга. Тагдыр берген энчим менин, Элжиретип эзбе мени, Жаралдыңбы менин бактыма? Токою бай, жер-жемиши, Асыл жери, жер бейиши — Жүрчү, жүрчү кеттик Аксыга. Сары-Челек көлдүн боюнда, Сен экөөбүз түндүн коюнунда Таңды күтсөк арман жок эле. Элинин да пейили сонун да, Касиеттүү Аксы коюнунда Өмүр сүрсөк арман жок эле. Кашка-Суунун суусун кечип, Бозбу-Атанын гүлүн терип, Оюн салсак кечки адырда. Жан кейиткен жамандардан, Тажап бүттүм ушактардан, Кетеличи жүрчү айылга. Сары-Челек көлдүн боюнда, Сен экөөбүз түндүн коюнунда Таңды күтсөк арман жок эле. Элинин да пейили сонун да, Касиеттүү Аксы коюнунда Өмүр сүрсөк арман жок эле, Бир карысак арман жок эле.
  • Гитарамды алам, чачты болсо тарайм, Көчө бойлойм жашым он сегиз. Кечелерге барам, каалаганым чабам, Оюн курак ушул он сегиз. Өзгөлөрдөн коруп, кызга жигит болуп, Гүлдөп турат бүгүн он сегиз. Үйдө турбай тынып, каалагың кылып, Ой жок убак ушул он сегиз. Кайырма: Капаланып кайгыга, чөмүлбөйбүз кайгыга, Ойно, ойно жалында, биздин күндөр азыр да, Өтүп кетет эртең он сегиз. Кысылбагын демине, жакын отур периңе, Ойно, ойно сен бийле, шарап сунуп селкиңе, Он гүлүңдүн бири он сегиз, Ойно, ойно жашың он сегиз. Сабактардан калам, эптеп шылтоо табам, Студентмин жашым он сегиз. Жумуштуудан өтүп, аны-муну көрүп, Көчө курак ушул он сегиз Кызыл гүлдү сунуп, кыз бетинен сүйүп, Жигит курак ушул он сегиз. Мекен үчүн ыйык, кызматыңды кылып, Жоокер убак ушул он сегиз. Кайырма: Капаланып кайгыга, чөмүлбөйбүз кайгыга, Ойно, ойно жалында, биздин күндөр азыр да, Өтүп кетет эртең он сегиз. Кысылбагын демине, жакын отур периңе, Ойно, ойно сен бийле, шарап сунуп селкиңе, Он гүлүңдүн бири он сегиз, Ойно, ойно жашың он сегиз. Өтсө кайра келбейт он сегиз.
  • Бала кезден бир өскөн Чырпык минип тең өскөн Курдашымдын тойуна Достор менен жүздөшсөм Жигаримдин тойунда Куйчу куйчу куйчу жыргайлы Бий бий бийлеп чын дилден Койчу койчу койчу ошондон эй Тойуң тойго уланып Келген кубаныч Бар бол бар бол жан досум Тойуң уланып Эки дүйнө бактысын Жакшылыгын бир көрсөт Жүзгө чыкчы жан досум Ошондо да бир болсок Жигаримдин тойунда Ойноп ойноп ойноп жыргайлы Бата тилеп чын дилден Койчу койчу койчу достор эй
  • Бүт дүйнөм арман болуп, Карекке жаштар толуп. Жаш менен агып барам, Эсимден танып барам Армандарга, күйүттөргө, Кайгыга батып барам Ишенбеймин, ишенбеймин ал сөздөргө, Кантип эле, кантип эле башка бүлөө? Чокту салып, такты салып жүрөктөргө, Тагдырга баш ийип, турмушка баш ийип, Жашайбыз бул өмүрдө, Жете албай сүйгөнүңө. Токтобой жаштар улам, Кайгынын жигин улай. Асманым көчүп барат, Көз жашым төгүп барам, Армандарга, күйүттөргө, Кайгыга чөгүп барам Ишенбеймин, ишенбеймин жалгандарга, Кантип эле, кантип эле ал башкага? Жолдош кылып, курдаш кылып армандарга, Жүрөккө кайгыны, көңүлгө кусаны калтырып кеттиң мага Кош болгун, эх, садага. Бактылуу болгун деп, Таалайлуу болгун деп Ак тилек арнайм сага, Кош болгун эх, садага.