Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кайдасың»
исполнителя Райкан Абдувалиева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кайдасың, эңсеген эрмегим?
Зарыгып күткөндө келбедиң.
Уйкусуз түндөрдү өткөрүп,
Оюмду он бөлүп сен дедим.
Кайдасың, кайда кеттиң?
Кайда кеттиң, эңсеген эрмегим?
Күткөндө келбедиң,
Кайдасың, сагынган кымбатым?
Акылдан адашпас кылдатым,
Жанаша басканда көрк берер,
Жарашып сулуулук сымбатың.
Кайдасың, кайда кеттиң?
Сагынган кымбатым,
Акылман кылдатым.
Кайдасың, кумардуу кучагым?
Жытыңды жыттоого кусамын.
Сени менен конушум көгөрүп,
Сен болсоң бийикке учамын.
Кайдасың, кайда кеттиң?
Кайдасың үмүттүн чырагы,
Күйгөндө күтүнүп чыгарым.
Сагыныч өч алды сезимден,
Келе көр жакшы эле чыдадым.
Кайдасың, кайда кеттиң?

Другие песни исполнителя:

  • Кайырма: Сен назик жүрөгүмдү ээлеп, Сен менин махабатым. Мен сенин жүрөгүңдү элеп, Мен сенин махабатың. Мен сүйгөн адам сен белең, Жаным, жаным. Жүрөгүм ысып кайнады, Каным, каным. Тагдырдын ушул тапканы, Сен деп, сен деп. Бир татсак кантет сүйүнүн, Балын,балын. Кайырма: Мен күткөн адам сен белең, Жаным, жаным. Сезимди өрттөп дүрт этти, Жалын, жалын. Арманда өткөн сүйүүсүз, Өмүр жалган. Гүлдөсүн эми махабат, Багым, багым. Кайырма:
  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Адамзат болбос дүйнөдө, Өткөндө эстеп койбогон. Ата-энем жайда конушка, Соң- Көлүн көрүп, конушуп көрүп, Жайлоону көрүп ойлоном. Шамаалсыз күндө толкубай, Тынчыса Соң-Көл мемиреп. Көңүлүм эргип кубанбай, Негедир оюм ээлирет. Атакем айдап жылкысын, Адырда келе жаткансыйт. Апкем кармап чакансын, Желени көздөй, бээлерди көздөй, Желени көздөй баскансыйт. Утурлай тозо чуркааарда, Көрүнбөй калды төгүнбү. Түшүнө албай таңдана, Түшүмбү же бир, өңүмбү жер бир? Түшүмбү же бир, өңүмбү. Соң- Көлүн көрүп, конушту көрүп, Жайлоону көрүп ойгоном.
  • Сизди сүйөм, кыз өппөгөн жигиттей, Сиз сүйдүңүз көңүлүмдү кирдетпей. Сүйгөнүм чын өмүрүмдө биринчи, Сүйүү деген азап экен илдеттей. Сизди сүйөм жашыңыздан жазганбай, Түбөлүккө тагдырыма жазгандай. Узун түндү көз ирмебей өткөрөм, Эмне кылам, мени баскандай. Көкүрөктү ээлеп алды атыңыз, Түк түшүнбөйм, кантип мага жактыңыз? Эч бир жанды тоготпогон кыз элем, Жүрөгүмө кандай ачкыч таптыңыз.