Казахские песни Узбекские песни

Песня «Уйунузго болом шам»
исполнителя Райкан Абдувалиева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Өткөнүмдү эске салбастан,
Өктөм сүйлөп өчүн албастан.
Өксүтпөстөн ардактасаңыз,
Өмүр бою болом сизге шам.
Кыялыма кишен салбастан,
Көңүлдөргө, шекке албастан.
Кең пейилдүү, кенен болсоңуз,
Күн өткүчө болом сизге шам.
Үмүтүмдү сизге арнасам,
Күйүт тартып сизге жандасам.
Үшкүрбөңүз ушак сөздөргө,
Үйүңүзгө болом жанган шам.
Өмүр бою болом сизге шам,
Кыяматтык болом сизге шам,
Үйүңүзгө болом сизге шам.

Другие песни исполнителя:

  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Адамзат болбос дүйнөдө, Өткөндө эстеп койбогон. Ата-энем жайда конушка, Соң- Көлүн көрүп, конушуп көрүп, Жайлоону көрүп ойлоном. Шамаалсыз күндө толкубай, Тынчыса Соң-Көл мемиреп. Көңүлүм эргип кубанбай, Негедир оюм ээлирет. Атакем айдап жылкысын, Адырда келе жаткансыйт. Апкем кармап чакансын, Желени көздөй, бээлерди көздөй, Желени көздөй баскансыйт. Утурлай тозо чуркааарда, Көрүнбөй калды төгүнбү. Түшүнө албай таңдана, Түшүмбү же бир, өңүмбү жер бир? Түшүмбү же бир, өңүмбү. Соң- Көлүн көрүп, конушту көрүп, Жайлоону көрүп ойгоном.
  • Аял дебе, аялдын бил түйшүгүн, Балдарым деп тынбай чапкан күн-түнү. Түндүк болсо биздин жашоо илинген, Аял анын тиреп турган түркүгү. Кайырма: Аял – жазсың, аял – күзсүң, Аял – жайсың, аял – гүлсүң. Аял дебе, аял – эне, Дүйнөдө теңдешсиз асыл жансың. Аял дебе, аялдын бил кадырын, Аял тартат азабыңдын жарымын. Ырыскысын балдарына таратып, Ызатына жеткилечи аялдын. Кайырма: Аял дебе, кылба аялга кыянат, Акыл калчап чыгаралык тыянак. Арабызда аялзаты түгөнсө, Ошол күнү башталат го кыямат. Кайырма:
  • Береке чачып, берметин төккөн, Борборум Бишкек жап-жашыл көктөм. Жигит –кыз жандай, кумарлар канбай, Гүл бакчаң таза кулбуруп көчөң. Бишкегим сүйкүм, Бишкегим көркөм, көктөм. Заңгырап үйлөр салынат күндө, Фонарлар жарык, жаркырап түндө. Күн санап өсүп, күмүшүн төгүп, Күлкү, шаң гана көрүнөт көзгө. Бишкегим гүлдө, Бишкегим өргө. Достукта жашап ар улут келет, Ала –Тоом коштоп күч, кубат берет. Ай, күнгө жетип, ааламга кетип, Атыңды сенин жокко дейм билбес? Өркүндөп,өскүн шаарым Бишкек, Гүлдөй бер күндө борборум Бишкек.