Казахские песни Узбекские песни

Песня «ашык сезiм»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Билбеймин мени кантип арбадың,
Көп кыздардан бир сени тандадым.
Бүт өмүрүмдү сага арнадым мен,
Жүрөк ээси жалгыз өзүңсүң.

Сен менен татамын,
Издеген бакыт даамын.
Жанымда күлүп турсаң,
Сүйө берем ар дайым.

Жүрөккө нурун чачкан күнүмсүң,
Жашоомдун көркүн ачкан гүлүмсүң.
Түбөлүккө бир келчү сүйүүмдүн да,
Ээси жалгыз өзүңсүң.

Сен менен татамын,
Издеген бакыт даамын.
Жанымда күлүп турсаң,
Сүйө берем ар дайым.

Сен менен татамын,
Издеген бакыт даамын.
Жанымда күлүп турсаң,
Сүйө берем ар дайым

Другие песни исполнителя:

  • Сөзү : А.Бекташевдики Обону : Н.Насиптики Оо ата — энем аска зоом тирегим, Силер менин бул жашоодо зирегим. Дайым мага айткан сөзүң эсимде, Эң биринчи тийсин элге керегиң. Кайырма: Атакебай, апакебай, Силер барда мен максатка жетемин. Оо ата — энем жан кубатым медерим, Силерсиңер желбиреген желегим. Көзүм ачтың, коштуң адам санына, Силер барда мен максатка жетемин. Кайырма: Оо ата — энем теңдеши жок устатым, Тарбияга тактап мени тынбадың. Эми менин эң биринчи милдетим, Эл алдында урматтаймын, сыйлаймын. Кайырма: Атакебай, апакебай, Силер барда мен максатка жетемин Эл алдында урматтаймын сыйлаймын.
  • Бийик болуп Ала-Тоодон бактынар Балдай таттуу суйуу таптынар Конул кушу бири бирин жактырып Кош ак-куудай канат кактынар Тагдыр буйрук ушу куну баш кошуп Той откоруп турган чагынар Келиздер дебей сыйга чакырып Конокторго эшик ачтынар Жар болгула ата-энени сыйлаган Жалпы журттан урмат жыйнаган Жашоонорго ынтымакты каалайбыз Жан болгула суйуп кыйбаган Журогунор махабат деп кагылсын Жузунордон бакыт жагылсын Куда болуп эки тарап достошуп Кубанычтар толкуп агылсын Куттуктайлы эки жашты чин дилден Коломтонор очпой жагылсын Аксакалдардын батасы тийип Алдей уну уйдо жанырсын Жар болгула ата-энени сыйлаган Жалпы журттан урмат жыйнаган Жашоонорго ынтымакты каалайбыз Жан болгула суйуп кыйбаган
  • Аба салкын, жаздын кечи Башкача сезим берди Көчөлөр бош, калаа чети Жолуккум сага келди Ооба билем Сен үчүн балким жомок Ооба билем Жолукпай койсок болмок Ооба билем Эми кеч жашыра албаймын Жамгырлуу жаздын кечи, жаздын кечи Жүрөгүмө сүйүү берчи Ээрчишип, эзилишкен экөөбүзгө Күбө болчу жаздын кечи Ээх, махабатым, махабатым Сен да мени сүйөм дечи Ошондогу жаздын деми Оюма байлап сени Мен издеген махабатым Жамгырлуу жаздан таптым Ооба билем Сен үчун балким жалган Ооба билем Ыр бойдон жазда калган Ооба билем Бирок мен жашыра албаймын Жамгырлуу жаздын кечи, жаздын кечи Жүрөгүмө сүйүү берчи Ээрчишип, эзилишкен экөөбүзгө Күбө болчу жаздын кечи Ээх, махабатым, махабатым Сен да мени сүйөм дечи Жамгырлуу жаздын кечи, жаздын кечи Жүрөгүмө сүйүү берчи Ээрчишип, эзилишкен экөөбүзгө Күбө болчу жаздын кечи Ээх, махабатым, махабатым Сен да мени сүйөм дечи
  • Суудай тунук, Сезимимди туйбадың. Сага жанган, Сүйүүмдү сен неге булгадың? Батып кайгыга, Турам азыр да. Соолуп гүлдөй сенин жаныңда. Кайырма: Эми мени кыйнаба, Жалган айтып жагынба. Баары бүттү, баары кеч, Ишенбейм сага! Сенин жалган, Сөздөрүңө алдангам. Жан дүйнөм, Жараланып, сыздап, кыйналган. Кайрылбайм артка, Сени сагынсам да. Болду, ишене албайм бир сага. Кайырма:
  • Карек толуп, ата-энең толкуп кубанат, Келген элең сен жарыкка бүгүн ыңаалап. Көңүл сүйгөн сайран, достор менен майрам, Ар жыл сайын, ай, уланат. Кучак толо гүлдөр, жылмайышкан жүздөр, Туулган күн шаңга бөлөнөт. Кайырма: Бүгүн, бүгүн, бүгүн Сенин туулган күнүң. Амандыкты тилейли, Ден соолукта жүргүн. Ачылсын ар дайым Жаштык өмүр гүлүң, Бактың, сүйүүң. Бүгүн, бүгүн, бүгүн Сенин туулган күнүң. Ата-эне бир тууганга, Алтын башты ийгин. Жашоонун кадырын Узак жашап билгин, Ойноп-күлгүн. Жаркын маанай, дасторкон үстүн саймалап, Жакындарың кымбат белек алып камданат. Коноктор топтолуп, ыр-бийлер коштолуп, Куттук сөздөр, ай, арналат. Эч нерсе жетпеген, эсиңден кетпеген Эх, кандай сонун салтанат, эй. Кайырма: