Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жаз дедим»
исполнителя Арсен.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Бар сайын көңүлүм сергитет, Биз экөөбүз таткан сүйүү булагы. Бар сайын көңүлүм эргитет, Биз экөөбүз жаккан сүйүү чырагы. Кайырма: Ошол кумар, ошол тумар биздеги, Опол тоодой махабаттын издери. Ошол бүрдүн, ошол гүлдүн бурагы, Ошол кездин ойдон кеткис убагы. Бар сайын көңүлүм сергитет, Биз экөөбүз жүрчү бактын бүрлөрү. Бар сайын көңүлүм эргитет, Биз экөөбүз сүйчү бактын гүлдөрү. Кайырма:
  • Бир аз эшик суук, бирок жүрөктө жылуу, Турамын кар үстүндө мен музыка угуп. Элдерди карасам баары шашылат, Карысы да жашы да жана тайгаланган машина. Бул кыш мезгил Африкада күтпөгөн, Жылмаюну алыстатып кабактарды бүркөгөн. Карапайым калкты кыйнап убараны жүктөгөн, Музга айлантып айлананы көрүнгөнсүйт бүтпөгөн. Аны көзгө алба, бул да кайгыга салбайт, Ишембиге даярданып досторуң менен камдан. Салтка калган көнүгүү, лыжа менен өнүгүү, Аппак болуп жердин бети кыштын сыйкыр бөлүгү. Эгер кар көп жааса, өзүң жалгыз калсаң,токтогонсуйт өмүрүң… Жылытсын музыкам жанды, жүгүртүп тамырдан канды. Чыдап кой сен бир аз калды, жаз да келет көрүнүп. Кайырма: Жаңы жыл келсин, жанып бүтпөгөн, Жарык жүктөгөн элиме, Ар бир үйгө кут толуп, Жаңыласын бүт толук жериме. Көлдүн үстү көк муз жылгаяк, Азыр бештин айы, жыл аяк. Жаңы жыл, элим кайра жылмаят, Ар бир үйдө таттуу мандарин, ыр майрам. Көлдүн үстү көк муз жылгаяк, Азыр бештин айы, жыл аяк. Мени карап кыргыз аяз кызы жылмаят, Сулуулугун көтөрө албай менин буттарым таят. «Жаңы жылдык белектер жылуулукту берет» деп, «Аяз ата баш багып, унутпастан келет» деп. Күтөм мен, күтөт бүт дүйнө, күтөт президент, Күтөт ар бир үй бүлө, кубанычка кезигет. Кыштын бою меникиндей кыска болсун, Бирок кыш да өзгөлөнүп кызык досум. Үшүп калба жылуу кийин көңүлүңдү түшүрбө, Чыдап кой сен, бир аз калды кыш да өтөт сызып досум. Кайырма: Жаңы жыл келсин, жанып бүтпөгөн, Жарык жүктөгөн элиме, Ар бир үйгө кут толуп, Жаңылансын бүт толук жеримде..
  • Эгер таштандыны жерге таштап кетип калса Сенин калдыгыңды тазалыктан байке алса Анда сендей кыргыз эмес сен үчүн кыйналса бирөө Анда сендей кыргыз эмес кыргыз деп сокпойт экен жүрөк Машинаңдын айнегиңден тамекини чертсең Тазалыкты сакта деген белгини козгө албай Андай элдер кыргыз эмес Кыргызстандан кетсин Андай элдер кыргыз эмес таштандыка жетсин Өзүн ураттаган адам айланасын таза кармайт Артынан таштанды калбайт Сүйөт жерин көрөт балдай Мен дагы ошол инсанды тандайм Суктанып көңүлүмдү арнайм Ишенемин күчүн албайт Жаштарга жүрөлү арнап Кайырма: Сен таза мен таза таза жашоо Күтөт бизди таза жол Эл таза жер таза таза жашоо Таза аба таза бийик тоо Бизге калган ата-бабалардан Жерди урпактарга өткөрүп беребиз унутпай Эл таза таза жаша Таза таза таза таза таза ойду жасап Тазалыкты сактабастан ден -соолукка азап Таза болсоң арыктарың бакчаңа суу агат Таза жашоо негизинен бүт баарына жагат Таза үйүң таза Чүйүң таза Бишкек таза сүйүү Таза болот эртең эгер таза болсоң бүгүн Таза жүрөк таза ниет таза бермет Ысык -Көлүм Алтын кумум таза болсо жыргап кыргыз көлгө чөмүл Кыргызстаным жылтыраган шаар болсо Бийик көңүл балит жана таштандыдан алыстап көлүм Бүгүн ишенбилике чыгып калышты көбү Эринбе кыргызым тазалангын өнүгөбүз Эли үчүн кызмат кылган Уулдарың жашасын Тазалыкты сактай билсең Бийиктерди ашасың Ден-соолуктун ачкычы Таза жашоо таза жашоо
  • Өзүң менен Өмүр жолун бактым деп билем Кайгырсам да жыргалымсын сен Тагдырымдын буйругу экен Өзүң менен! Өзүң менен Өмүр жолун бактым деп билем Кайгырсам да жыргалымсын сен Тагдырымдын буйругу экен Өзүң менен! Сен жараткан берген Сен белегимсин сен Сен жүрөк эркеси Балдарымдын энекеси Өзүң менен Өмүр жолун бактым деп билем Кайгырсам да жыргалымсын сен Тагдырымдын буйругу экен Өзүң менен Кайырма