Казахские песни Узбекские песни

Песня «Аруу жан»
исполнителя Арсен.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ай асмандай бийиксиң,
Алыстан мен аярлайм.
Асылдыктын бирисиң,
Айта албаймын, абайлайм.
Жаралгансың ким үчүн?
Жаздын жарык күнүндөй,
Жылмайганың, күлүшүң,
Жарык чачат күлүңдөй.
Кайырма:
Жаным деп,
Айткым келет мен тажабай,
Жамалыңа зар болуп,
Жалооруймун баладай.
Жан дүйнөмдү эңсетип,
Жаным, менден алыссың.
Туң сүйүүмдүн эркеси,
Түштө көргөн жарыксың.
Кезиккенбиз капыстан,
Ошол күнүм арманбы?
Жетпей сага ашыккан,
Махабатым жалганбы?
Кайырма:
Кайгырамын таба албай,
Кайдан издеп барам, ай?
Дүйнө кезип издесем,
Кезикпедиң сен мага.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Менин бактым белең? Жарык чачып сезимге сен. Күнү-түн үмүтүм, Күндөрдү бирге өткөрсөм деймин. Сага карап айтам, Жүзүң сүйүп, эркелеп сен. Карегиң карагат, Жагымдуу күлкүң жарашат сенин. Кайырма: Тагдырым бирге болсо, Ажырабай жүрөк соксо. Айланабыз ажайып, Кооз гүлгө толсо. Эркелетип, эргитип сүйсөм, Сен махабат оту бол. Алоолонуп жалыны, Аткан таңымдай. Жашоо көркү сен болуп жүрсөң, Жанымдан кетпей. Кайра-кайра эңсейм, тартыламын, Гүл болчу, күн болчу сен. Кайырма:
  • Бар сайын көңүлүм сергитет, Биз экөөбүз таткан сүйүү булагы. Бар сайын көңүлүм эргитет, Биз экөөбүз жаккан сүйүү чырагы. Кайырма: Ошол кумар, ошол тумар биздеги, Опол тоодой махабаттын издери. Ошол бүрдүн, ошол гүлдүн бурагы, Ошол кездин ойдон кеткис убагы. Бар сайын көңүлүм сергитет, Биз экөөбүз жүрчү бактын бүрлөрү. Бар сайын көңүлүм эргитет, Биз экөөбүз сүйчү бактын гүлдөрү. Кайырма:
  • Оюмдан кетпедиң, көрсөм деп эңседим Сага карай тартыламын билсең жаным Таптым сени, сүйдүм, тартып жүзүң сүйкүм Жүрөгүмө бекем сактап өткүм келет сени менен Кайырма: А, бирок билбейсиң, Мен үчүн гүлдөйсүң. Жанымда жүрөсүң, Бар сырымды ичке сактап, айтпай, жүдөдүм. Жыпар чачкан гүлүм, арзуум айтам бүгүн, Көркүн ачып, мен эңсеген таңга бөлөп, өмүрүмдү. Маңдайга жазылган, тагдырды билбейсиң Балким мени сүйүп, же бир күнү кош дейсиң…
  • Таарынба, садагам, таарынба, Жалооруп сен мага кайгырба. Жанаша сен басып ал менен, Көңүлдү сен антип калтырба. Тигилип карадың көзүмө, Кечир деп ыйладың өкүнө. Ошондо сенин сөзүңдү угуп, Калтырап кеттим мен буулугуп. Себебин уктум мен акыры, Ата-энең бербептир тагдырды. Болтуруп сени башка менен, Кайгыга мени ай калтырды. Таарынба, садагам, таарынба, Жалооруп сен мага кайгырба. Жанаша сен басып ал менен, Көңүлдү сен антип калтырба.