Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сени издеп…»
исполнителя Арсен.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сен, мен дегенде…
Себелер сезимим зор бекен.
Себепсиз, жан жүрөгүм,
Сагынып мени ойлойт бекен?
Кайырма:
Соолуган гүлдөрүм ачар бекен,
Томсоргон таарыныч канча бекем.
Сени издеп сенсиз мен сагынып зарыгып,
Сансыз го санаалар…
Сен, дале кайра сен,
Дилимдин кайраты дале сен.
Мейли мен жашай берем,
Дем албастан берекем.

Другие песни исполнителя:

  • Бир аз эшик суук, бирок жүрөктө жылуу, Турамын кар үстүндө мен музыка угуп. Элдерди карасам баары шашылат, Карысы да жашы да жана тайгаланган машина. Бул кыш мезгил Африкада күтпөгөн, Жылмаюну алыстатып кабактарды бүркөгөн. Карапайым калкты кыйнап убараны жүктөгөн, Музга айлантып айлананы көрүнгөнсүйт бүтпөгөн. Аны көзгө алба, бул да кайгыга салбайт, Ишембиге даярданып досторуң менен камдан. Салтка калган көнүгүү, лыжа менен өнүгүү, Аппак болуп жердин бети кыштын сыйкыр бөлүгү. Эгер кар көп жааса, өзүң жалгыз калсаң,токтогонсуйт өмүрүң… Жылытсын музыкам жанды, жүгүртүп тамырдан канды. Чыдап кой сен бир аз калды, жаз да келет көрүнүп. Кайырма: Жаңы жыл келсин, жанып бүтпөгөн, Жарык жүктөгөн элиме, Ар бир үйгө кут толуп, Жаңыласын бүт толук жериме. Көлдүн үстү көк муз жылгаяк, Азыр бештин айы, жыл аяк. Жаңы жыл, элим кайра жылмаят, Ар бир үйдө таттуу мандарин, ыр майрам. Көлдүн үстү көк муз жылгаяк, Азыр бештин айы, жыл аяк. Мени карап кыргыз аяз кызы жылмаят, Сулуулугун көтөрө албай менин буттарым таят. «Жаңы жылдык белектер жылуулукту берет» деп, «Аяз ата баш багып, унутпастан келет» деп. Күтөм мен, күтөт бүт дүйнө, күтөт президент, Күтөт ар бир үй бүлө, кубанычка кезигет. Кыштын бою меникиндей кыска болсун, Бирок кыш да өзгөлөнүп кызык досум. Үшүп калба жылуу кийин көңүлүңдү түшүрбө, Чыдап кой сен, бир аз калды кыш да өтөт сызып досум. Кайырма: Жаңы жыл келсин, жанып бүтпөгөн, Жарык жүктөгөн элиме, Ар бир үйгө кут толуп, Жаңылансын бүт толук жеримде..
  • Көңүлүм соолубайт, Кыялдар түбөлүк, Кызыл күн батканда. Жылдызым түгөнбөй, Түн кетип жанымдан, Ак таңдар атканда Жараткан жазганы, Буйруган өзүмө. Бактымды тапканда, Жомокко айланып, Бакыттын байрагы, Желбирейт асманда Түгөнбөгөн сүйүү болсо гана сенин жолуңда, Өмүрдүн кызыл гүлү түбөлүккө соолуба Бакытым колуңда Жарыгым жолуңда. Айланып ар бир күнүм Тирүүлүктүн жомогуна Кармадым колума, Бакыттын байрагы Азаптар отунда, жомогунда. Кайгылар баспаган, Көңүлдү муздаткан Карангы түндөрдү Жаштыктын илеби Толтурган бакытка Жалындуу дүйнөмдү Кубанам ар дайым, Бакыттын байрагы Арманым түгөндү, Ар күнү тагдырлар Өзүмө тартуулайт Бактылуу күндөрдү Түгөнбөгөн сүйүү болсо гана сенин жолуңда, Өмүрдүн кызыл гүлү түбөлүккө соолуба Бакытым колуңда Жарыгым жолуңда. Айланып ар бир күнүм Тирүүлүктүн жомогуна Кармадым колума, Бакыттын байрагы Азаптар отунда, жомогунда.
  • Адат менен өткөн түн эле, Эсимде жок, түнкү үч беле? Байкамаксан бийлеп, Кирпиктерин ирмейт, тимеле. Токтой турчу, кетпе, каралдым, Билбейм жаным, неге барамын, Балким, сенде мен издеген сүйүү таңы. Кайырма: Оо, жаралуу жүрөк, Оо, жалынып сүйлөйт. Оо, кечирчи мени, Колуңду берчи. Сүйөмүн дечи, Сүйөмүн дечи… Кагылгандай жыла албай калдым, Кабыландай сенин кабагың. Какпайт белең мени, Жүрөк деми эми ээриди. Баарын айтам, сөзгө бек турдум, Баратканмын, бирок шарт бурдум. Алсыздандым, айта албадым сага баарын. Кайырма: Оо, сүйүп барамын, Оо, күйүп жанамын. Оо, куткарчы мени, Колуңду берчи. Сүйөмүн дечи, Сүйөмүн дечи.
  • Карегим сага кадап, Көзүмдү албай карап, Кыялым учуп барат. Жүзүңдөн жылдыз жанат, Махабат оту тамат, Жүрөгүм сени самап. Кайырма: Сезимдерим канат байлап, Сага карай учуп барат. Махабатым күйүп жанат, Жүрөгүңдөн орун алат. Жүрөгүм сени самап, Жүрөмүн дайым жандап, Түгөнбөс сүйүү арнап. Жамалың турса жайнап, Махабат мени арбап, Бакыттын кушун кармап. Кайырма: