Казахские песни Узбекские песни

Песня «Менин атам»
исполнителя Арсен.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Жайлоодо өткүн өтүп, ыбыр-дыбыр, Жүрөгүм эмнегедир ымыр-чымыр. Карачы, нота билип калганда не ай, Угулат музыкалуу бир сонун ыр. Кайырма: Аттиң, аттиң, аттиң, аттиң, Музыкалык сабатым жок, Кушка окшош уча турган канатым жок. Жайлоодо булак үнүн угам жыргап, Теребелде сүйкүм добуш, сүйкүм ыргак. Кагазга нота билсем түшүрсөм не, ай, Бул ырды жүрбөйт беле ар ким ырдап. Кайырма: Аттиң, аттиң, аттиң, аттиң, Музыкалык сабатым жок, Кушка окшош уча турган канатым жок. Таңшыган кыл кыякта назик кылдай Боз чымчык сайрап жатат жаны тынбай. Кагазга нота билип түшүрсөм не, ай, Ордумда тыңшап туруп кадам жылбай. Кайырма: Аттиң, аттиң, аттиң, аттиң, Музыкалык сабатым жок, Кушка окшош уча турган канатым жок.
  • Энекебай, оо, ыйыгым, ыйыгым, Энекебай, оо, кутманым, уюгум. Алып келип тамырыңдан алтымыш, Алтын өмүр бешигиңе уюдум. Сен көз жумсаң, унутармын жыл чыдап, Мен көз жумсам, көз өткөнчө буркурап. Апакебай, кара чачың куу болуп, Кош эмчегиң алмак-салмак зыркырап. Энекебай, билем, туям эмгегиң, Энекебай, өмүр жашың мен жедим. Кантип мени карыш жолго узатсын, Кактап күн-түн ак сүтүңдү эмгенмин. Кактап күн-түн ак сүтүңдү эмгенмин. Кирпик какпай канча жолу термедиң. Татыбайт го минуталык толгооңо, Менин күндү алып келип бергеним.
  • Аппак кар себелеп, Кыш дагы бир керемет, Жолдор музга айланат, Сен аны басып тайып чалынба. Кышка ачуу кармап таарынба. Чана тебип бийикте, Маанайыңды бийиктет сен, Жылуу тонду кийип теп, Тоңбой муздак кыштын карында, Күтсөң кирип келет жакында, Келсин Жаңы жылым, Аппак сыйкыр кышта. Тынчтык болсун жеримде, Келсин Жаңы жылым. Биз күткөн, кечикпестен, Келсин Жаңы жылым. Эски жылды узатып, Жаңы жылга аттандык биз. Максаттарың ишке ашсын, Кирип келген Жаңы жылында. Жүргүн дайым күлүп, жымыңдап, Туугандарды чогултуп, Достор менен жолугуп биз, Үйгө толуп белектер, Кирип келет биздиң Жаңы жыл. Шаңдуу майрам, сонун себепкер. Келсин Жаңы жылым, Алтын кыргыз жерине. Тынчтык болуп ар дайым, Келсин Жаңы жылым. Биз күткөн, кечикпестен, Келсин Жаңы жылым.
  • Оюмдан кетпедиң, көрсөм деп эңседим Сага карай тартыламын билсең жаным Таптым сени, сүйдүм, тартып жүзүң сүйкүм Жүрөгүмө бекем сактап өткүм келет сени менен Кайырма: А, бирок билбейсиң, Мен үчүн гүлдөйсүң. Жанымда жүрөсүң, Бар сырымды ичке сактап, айтпай, жүдөдүм. Жыпар чачкан гүлүм, арзуум айтам бүгүн, Көркүн ачып, мен эңсеген таңга бөлөп, өмүрүмдү. Маңдайга жазылган, тагдырды билбейсиң Балким мени сүйүп, же бир күнү кош дейсиң…