Казахские песни Узбекские песни

Песня «Айтчы Жаным»
исполнителя Нурчолпон.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Ар кечте, ар таңда боздоп сайрап, Армандуу сезимди козгоп сайрап. Бир булбул буулугуп келет күндө, Биз жүрчү алма бакты болжоп сайрап. Ал бакта адашып күүгүм калган, Ар шакта алмадай сүйүүм калган. Ал сүйүүм булбулга айланганбы? Ашыгын издеген үрүл таңдан Кайырма: Булбулум, булбулум, ай, Буулуккан кургурум, ай. Бул кечте үнүң баспай, Буулуктуң неге мынча, ай, Булбулум, булбулум, ай? Жаңшайсың, жаш булбул, токтобогон, Жашоодо жан жок, эй боздобогон. Жашыймын көп эстеп ал күндөрдү, Жаштыгым жаштыкка, эй, окшобогон. Сайрашың өткөндү эске салып, Санааркайм, ал күндөр четте калып. Буулуккан булбулдай сени жоктойм, Буйруксуз сүйүүмдү эстеп алып. Кайырма: Ар кечте, ар таңда боздоп сайрап, Азгырып сезимди козгоп сайрап. Бир булбул буулугуп келет күндө, Биз жүрчү алма бакты болжоп сайрап. Ал бакта адашып күүгүм калган, Ар шакта алмадай сүйүүм калган. Ал сүйүүм булбулга айланганбы? Ашыгын издеген үрүл таңдан. Кайырма:
  • Сөзү : Төлөгөн Мамеевдики Обону : Түгөлбай Казаковдуку Биз турмушта аталардан кеч келип, Тээ батыштан согуш отун кечпедик. А аталар төрөлө элек биз үчүн, Кала берди танк алдында тепселип. Биз турмушта агалардан кеч келип, Тээ алыстан адам канын кечпедик. А агалар жаңы баскан биз үчүн, Кала берди танк алдында тепселип. Өткөн согуш кан майдандан сес берип, Турат бүгүн бардык жерде эстелик. Гүл ордуна койдум ушул ырымды, Аталарды, агаларды эскерип.