Казахские песни Узбекские песни

Песня «Алга, кыргыз!»
исполнителя Добр.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Мен кыргызмын, мен, мен, алга, кыргыз калкым,
Мен кыргызмын, улуу кыргыз бойдон келет калгым.
Кыргыз улут кыраан-кыраан жигиттерге бай келген,
Ырас, ырас эле кыргыз болуп жаралган экем.
Кылым карып, бирок кыргыз кыргыз бойдон калган,
Мен миң өлүп, миң тирилген, мен ушундай калкмын.
Баатыр Манас атам болгон, ал менин гана атам,
Миң талашып, миң кырылгын,
Манас кыргыздан чыккан.
Алга, кыргыз, алга!
Алга, кыргыз, алга!
Алга, кыргыз, алга!
Алга, кыргыз, алга!
Алга, кыргыз, алга!
Кыргыз элим илгертен баатырларга бай келген,
Кыраан-кыраан жигиттерди элим баалап даңк берген.
Кыргыз элим намыскөй, намысына бек турган,
Кылым карып, жылдар өтүп, алдын көздөй умтулган.
Баатырыбыз Манас чыккан, баатыр болгон баласы,
Арасынан кыргызымдын чыккан Тайлак баатыры.
Ар кай жеринен, жеримдин ар ким жети жагынан,
Чыккан Байтик баатырыбыз, Курманбегибиз, Шабдан.
Чыккан экен баатырыбыз Атаке, Эр Табылды,
Кыраан, күчтүү болгон экен Балбай деген баатыры.
Кожомкулдай күчтүү балбаныбыз чыккан кыргызда,
Баатыр энелерим болгон Курманжан даткабыздай.
Эне баатыр Жаңыл Мырза менен чыккан Кыз Сайкал,
Айта берсек, эч түгөнгүс, азыр деле көп алар.
Ошондуктан улуу элиме эч бириң теңелгис,
Ташка тамга баскан кыргыз тарых беттен чийилгис.
Алга, кыргыз, алга!
Алга, кыргыз, алга!
Алга, кыргыз, алга!
Алга, кыргыз, алга!
Алга, кыргыз, алга!
Жагабы, жакпайбы, сага улутум болсо кыргыз,
Мен кыргызмын, жакшы көргөн бешбармак менен кымыз.
Күндөп-түндөп «Манас» айткан, укмуш черткен комузду,
Күлүк атты мендей чапкын, көрдүңбү жер кооздугун.
Мен кыргызмын ала-тоолук, ак калпак баса кийген,
Бийик койгон өз тилимди, өз элиме ийилген.
Кыргыз деген улутум менин, кырылгыс эч качан,
Мага каршы чыкпа, сендей миң душманды кыргам.
Кыраан-кыраан жигиттерим, менин эр жүрөк келген,
Мен кыргызмын намыскөй, намысыма бек келген.
Болом өтө конок пейил, мейман тоском илгертен,
Кылам дегенимди кылган улут болом билбесең.
Кыргызымдан өнөр чыккан, миң тарапка тараган,
Өнөрлөрүн өргө чапкан жазуучу, акындардан.
Токтогулдай төкмө чыккан, суудай төккөн ордунан,
Улуу Чыңгыз жазуучубуз чыккан, дүйнө тааныган.
Акын чыккан Алыкулдай, Аалы, Жоомарт, Мидиндей,
Саякбайдай манасчыбыз чыккан экен элимде, эй!
Төкмө акын Жеңижоктойлордон канчасы чыккан,
Сүрөт тарткан Сүймөнкул Чокморовдой болгон адам.
Сүйүп-күйүп эл жерине кылып кеткен кызматын.
Бекем эске тутуп алгын, ал Исхак Раззаковду.
Ошондуктан улуу элиме эч бириң теңелгис,
Ташка тамга баскан кыргыз тарых беттен чийилгис.
Алга, кыргыз, алга!
Алга, кыргыз, алга!
Алга, кыргыз, алга!
Алга, кыргыз, алга!
Алга, кыргыз, алга!
Ала-Тоолук улуу элиме эч бириң теңелгис
Ташка тамга баскан кыргыз тарых беттен чийилгис.

Другие песни исполнителя:

  • Ассалому алейкум мырза, айымы,Саламатсыңарбы шаары, айылы? Райондо-прайондогу көчөлөрики,Чоң кыздарга, сулуу – чмоки!Мекениме, элиме, жериме салам,Эсен-амандашкан алейкум ассалом. Көлгө салам, жакында барып эс алам,Эске ал, аба, чал мага тез ара.Мистер и миссистерге на dance, Пешкомобиль на Mercedes-Benz. Ким сейчас на Легаси, легче на Бэшке,Дагы салам это — фаникам Месси.Эски эле доскелер, жанылары new,Мектебим, аскерим, универим you.Ата-энеме, силерге өмүр бою, Чын дилимден баарына THANK YOU.Кайырма:Кел, бийле, бийлегиле,Келгиле, бийлегиле!Эл менен бийлегиле,Эркеле, бийле!Ледилер end жентльмендер,Келгиле, бийлейбиз тең бир.Канакей, даярбызбы? Кеттик! 3…2…1…Ким чоң? Ким чоң Big,Мыкты танцовщик?Кел, чык, жол ачык,Не керек качып? Тамчыдай, кашык,Талантың ашык.Аны каткансып,Капалантпачы! Чык, чыгар өнөрүңдү ачыкка,Ката бербей эле аны капчыкка.Таң калтырган сенин бийге шыгың бар,Өргө чабар өнөрүң ал, качырба.Жер караба, баалаган, каалаган бий,Бий жаралат дене кыймылынан бир.Эң баалаган танда музыкадан стиль,Сен каалаган, то есть, ну өзүң бил.Кайырма: