Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сен учун»
исполнителя Добр.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Жаштык кезге жан тартып, жүрөгүмдөн карып, Көлөкөмдөн көрөм кээде күнөөмдүн баарын. Көкөлөттүң көккө, бөпөлөтө багып, Кыйшайганда түзөп, уу жыландай чагып. Алга кадам таштагансып жаңы, Ар бир адам терең ойлонуусу зарыл. Таштаарында багыт, аркалаган бакыт, Тап берсең кайра, кутурган иттей кабып. Өмүр өтөт, кайрылып келбейт дагы, Таяк, жөлөк сага боло алышпайт баары. Жараланган жүрөк таппай келет түнөк, Ар бир адам жутса өлбөс суусун, мүрөк. Кайылмын баарына, кайдигер арыма, Коркомун калыштан Кудайдын каарына. Жүрөгүмө кек сактабайм, өкүнбөймүн, Кудайыма шүгүр, берген үчүн өмүр. Кайырма: Жашоо бир келет, жаңылбай жашоо керек, Жарык дүнүйө Кудайдан берген белек. Жашоо бир келет, бул жашоо сыноо, элек, Жарык дүнүйө Кудайдан берген белек. Жашоо гана бир келет, ар бир күнүң белек, Жашоого сен эмес, жашоо сага керек. Тиле өмүр, ден соолук, аны Кудай берет, Келечегиң болсо, эртеңки күн келет. Алгач ирет Кудайдан тиле ыйман, Азыр бул заманда кыйын болуу адам. Жаса кадам, алдыга ташта максат, Бекер отурбастан, аракет кыл, башта. Жашоо такыр бөлөк, андан күтпө көмөк, Жаратканым гана сага болот жөлөк. Күйүмдүүлөр ата-энең, бир үй-бүлөң, Алардан ал бата, сый-урматка бөлө. Жүрөгүңдөн, күмөн санаба өзүңдөн, Өткөнгө өкүнбө, ал дагы күн өтөр. Алгач адам бол жөнөкөй, анан Көкүрөктө калган эгер болсо ыйман. Кайырма: Өмүр деген — узун дайра, Артты көздөй ал акпайт кайра. Жаштыгың ал ошол дайра сымал, Канчалык өкүнбө кайрылбайт ал. Убакыт бул — учкан куштай, Учурунда карма колго уучтай. Тагдырга таарынба, ал кээде сынайт, Ак ийилет, бирок такыр сынбайт. Багыттайт жүрөгүң туура жолго, Эң башкысы, сен аны жоготпо. Адашпа жолуңдан, ыйманыңдан, Сак боло жүр андан айрылуудан. Бул өмүрүңдө эч бирөөгө, Эч качан эч сын тага көрбө. Жаңылбаган эч бир адам Болгон эмес, жаса алга кадам! Кайырма:
  • Жай эми жолодуң, Жаш туруп ойлондуң. Жаралаган турмушуң, Жүрөгүмдө ойгонду. Эх, турмушум менин, Сүйдүм эле сүйүүм менин. Ай, жүрөгүмдөгү, арманым жүгүм менин, Эх, кечегим менин, кичинекей ырчы элем. Мына эми чоңоюуп, колуман келер бекен? Эх, жашаймын эми, жашаганга, Аш гана кыла көр кудайга шүгүр баары. Жараган, бирнерсеги кереги тийги түйчи адам, Жылгым келет турмушумда болсо дагы бир кадам. Жада калса басканы сыгылып жүрөк тажадым, Маңдайым дагы максатым эмнеге ишке ашпады? Эмнеге гана барбадым? Эмнени гана кылбадым? Көрсө бул жашооңдо эң башкы ролун акчаңбы? Карасам жашоомду, караңгы шайтандын тору. Адамдын кандай экенин акчадан текшерип коюу, Чын эле сынообу же мыйзамыбыз ошобу? Байлардын кедейге мамилеси оңолобу? Кайрыма: Көбүрөк аракет кылып, Калбагын сен гана сынып. Жашоонун тыгыздыгына, Тыгылып жүрөк сыгылып. Жылыгылып калсаң таянып, Кайрадан бутуңа туруп. Жүрөгүңдөгү жараны, өчүрүп коюу учуруң, Тай-тай бутка туруп. Жай-жай турмуш куруп, Эң башында кыйналуу менен утулуп. Умтула бер көп өйдөгө, Үмүтүң өчпөс дөбөдө. Ишенип – ишенүү керек, Ишенүүдө кел өзүңө. Таймашып жүрөк турмушка, Ал дагы түрткү ушуга. Чыдамкай жана күчтүүнүн, Чырагы күйүп турууда. Чайкалып төккөн чаманын, Жакшысыбы же жаманыбы? Пейли түрү адам менен, Ошондой эле адамды. Баарыбыз тең ортодобуз, Кудайым берген жашоону. Колубуздан баары келет, Ишениш керек ошого. Байыңбы же кедейиңби, Айрымасы эмнеде дейли. Желеден секирген адам, Жеңилбей жеңип кеткени. Ишенбеген аркынысы, ордунда эле тура берген, Боруна тумарын , турамы жардам бербеген. Кайырма: Тыбырчылагын жашоодо, Мыйзамың деген ушубу? Көзүңдү чоңурак ачып, Көз карашыңды оңдогун. Турмуштун кулпусун ачып, Жашыруун сырларын табып. Ойнобой ойлонуп жаса, Акылың менен каталык. Тагдырың өз колуңда, Насатын ук чоңунан. Ошонун баарын чогултуп, жогору адам болууга, Солго кайрыбагын, оңго да бурбагын. Булганып аласың, түз эле жашагын, Бузулбайм десең, көз каранды болбойм десең. Башынан ачык айкын курч адам болушуң керек деги, Жаңылбайсың деги, эгер ошондой денгээлиң болсо. Бирок алдандай адамга мамилеңди ал ортодон, Сапатың, кыяялың өзүңө жакпай жатканы менен. Сыртыңдан жарашып, бирөөгө үлгүсү керек, Негизи эле бул жашоодо Кыргызым биз азаматбыз. Баарына шүгүр жасаган эң бактылуу адамбыз. Кайрыма: Эх, турмушум менин, Сүйдүм эле сүйүүм менин. Ай, жүрөгүмдөгү, арманым жүгүм менин, Эх, кечегим менин, кичинекей ырчы элем. Мына эми чоңоюуп, колуман келер бекен?
  • «Жубайым» Менден кетсе кечир, Ачууңду мага берчи, Антип тиктебечи! Жиндиге теңелбечи! Өчүң бардай, жүрөгүң бат муздайт! Таарынычын кандай, ошол замат тарайт! Бактымды таптым жолуктум, Мен сени алам деп оолуктум, Байлап башка ак жоолукту, Жубайым болдуң колуктум! Кудайыма миң ыраазымын, Маңдайыма сендей жардын калганына жазылып! Асыл, жаным, жарым, жарыгым, Жүрөгүмдүн тең жарымы, Бирге көгөрүп, агарып, Келет чогу бир карыгым, Балдарымдын, апакеси, энеси, Атакесинин жубайы, жүрөктүн кожойкеси!!! Кайырма: Өмүр бою түбөлүкө, Деп кол коюп күбөлүкө, Биргеликте бул өмүрдө! — деп чиелик күндөлүкө! Турмуш үй бүлө куруп, Бирге алдыга умтулуп, Мүчөлөрү толук, Балачакалуу бололук! Ата Эне жоопкерчилик, Ар кимде бар бир кемчилик, Кимден кетсе да кечирим, Сурап кою пендечилик! Ортобузда, болбосунчу таарынуу, Андан көрө, келчи чогу бололучу бактылуу!!!