Казахские песни Узбекские песни

Песня «Алдар көсө»
исполнителя Добр.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Бар экен, жок экен болгон экен ага ини
Кичинекей кездеринде жоголуп кеткен бири
Кийин алар чоңоюп, алдыга максат коюп
Бири жакшы, экинчисинин жаман экен ою
Алдар көсө, атка конуп агасы өсөт
Тарбиядан дайыны жок анын көрсө
Ал көчөдө өскөн, бешикке бөлөнбөстөн
Көрүнөр замат көзгө дароо кач көрүнбөстөн
Алдар көсөнүн болгон экен иниси
Ал ким экендигин керек ал билбесе
Узун бойлуу, арыкчырай жигит
Ал тарбия көрүп өскөндөрдүн бири
Курсагы ток эч зыяны жок
Мүнөзү жоош жигит тез ишенчээк бирок
Ал дүкөндө иштеп жүргөн күндө
Алдар көсө өтүп келди төргө
Ага ини көп убакыт өтүп кийин жолугушту
Бири-бирин тааныбастан туруп экөө дос болушту
Алдар көсө дос-дос, деп ачырып турду ооз
Эң эле кызыгы, өз инисин уктатты кооз
Агасы кайдан билди, алдаганын кимди
Ал түш көрсө миң, кирбегендин бири
Ушалаган кулак досу,бир тууган экендигин
Ага-ини жаш кезинде түшкөн сүрөттөн билген

Другие песни исполнителя:

  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Алтыным, жүрөгүм, жаным, турагой о, кагылайын, Турагой күн тийип жарык, керемет аба ырайы. Аракеттин берекети үзүрүн берет ар дайым, Үзүлбөгөн ынтымакта жаркырасынчы маңдайың. Кейибейли, кайгырбайлы, бул деген жөн гана байлык, Бир күн келет, бир күн кетет, аны көңүлгө албайлы. Кел, турагой андан көрө, жумушуңду көздөй жөнө, Өз сүйгөн ишиңди кылып, көңүлүңдү бийик көтөр! Кайырма: Тур, турагой кыргызым турагой! Чын дилиңден аракетиң кылагой! (Тур!) Ар бир күнүң майрам, сен ошону билип жүр,тур! Көк жарык аппак, чөйрө дарак-бак, Жашоо ырахат, турагой калайык калк. Кадырлуум, кайгы-муң, жолобосун эч кимге, Таң аткандан кеч кирген убакты жөн кетирбе. Тегеренип, жер айланып, ашпай туруп чек араны, Ар бир ниетиң, максатың орундалсын кыялдагы. Кел, турагой андан көрө, жумушуңду көздөй жөнө, Өз сүйгөн ишиңди кылып, көңүлүңдү бийик көтөр. Кайырма:
  • Алыман келер-келбес, кеч эми баарына, Досуңа бекем туруп сөзүңдү кармадыңбы? Кааладыңбы досуңа узун өмүрүн жашоодо? Баарына үлгү болуп аттадың ортого. Эмнегедир чек ара арабыздагы маселе, Бөлүнүп жатабыз көчөбүз менен көчө чак келбей. Карабызбы, агыбызбы баарыбыз бирдейбиз, Белгисиз пайдасы кимибиз жеңип жеңбейбиз. Кырылып жүрүп акыры өзүңдүн эле жакыныңдан, Ажырагандан кийин түшүнүү керек зарылбы? Ынтымагыбыз жоголуп, келечегибиз кор болуп, Жүрө беребизби ортобуздан чек ара торолуп. Биримдик кайсы күнү пайда болуп чыгар экен? Баары ынтымакта чоң пайда кыла алар бекен? Пайдасы тиер-тийбес жаштардын колуна, Көптөрү сынып түшө албай жүрөк жолуна. Тилеген максатыбызга жеткибиз келип жүрөт, Максатыбыз эмне экени белгисиз сүрөт. Адашып жолубуздан, кара жаман оюбуздан, Бирибиз бирибизди көрө албайбыз ортобузда. Агымдагы өмүрүң теридей сыйрылып, Тегерегиңди курчап тургандардан айрылып. Жадакалса досторуң курмандыкка кабылат, Досуңа досуң өмүрүн да аябайт. Кара жол караңгы эч нерсени ылгабайт, Түшүп алдыңбы жолуна андан эч ким чыга албайт. Карышкырсың кадимки узак эмес өмүргө, Көрө элек жатып жашоону айлансын түлкүгө. Чек ара болүнүүдөн башталып жатпайбы бары? Бөлүнүп алып көчөгө ызы-чуунун чыр-чатагы. Кабылдыңбы ушуга анан өйдөнү көздөй, Көчөнүн балдары менен мамилесин үзбөй. Салмагы бар баланы сыйлап турушат бүт баары, Жолу жок менен багы жок баланын эле арманы. Балдары көчөнүн, көшөгөсүз чек аранын, Көчөнүн мыйзамы бул — көчөнүн мыйзамы.