Казахские песни Узбекские песни

Песня «Бетме-бет таймаш»
исполнителя Добр.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Кайырма: Кел, баарың, келе гой, бүгүн майрам, бүгүн той. Бүгүн жаңы жаралган ырларымдын бирин кой. Алгач сага бешбармак конок пейил кыргыздан. Комуз менен ыр ырдап, сунам сага кымыздан. Деги, а деги, айтарым тээ илгери, Кыргыз деген улут тээ кылымдардан бери. Конок пейил элим ээлеген бейиш жерин, Эгемен жашоо сүрүп, эбегейсиз деңгээли. Деле деңгээли бийик-бийик аскаларды ийип, Ак калпагын кийип эл, Ала-Тоом ыйык. Кең пейил, ак дасторкону, урмат-сыйы, Таң калтырган тамагымдан ал, ооз тийип. Кайырма: Таңдар аткан жакка таң калтырган Ала- Тоо абадан жыттаган ал адам гана. Таң берет, не керек, жериң, бах, керемет, Табигатың сулуу, Ысык-Көлүң — бермет. Кен байлыгың жерде, сууң акысыз, бекер, Төрт мезгилиң эле бейишке тең тете. Тегерегиң бак-дарак, толо жемишке, Күч-кубат, эрк ,комузуң. Көз тийбесин улутум улук, тең изде, Мелтиреген кара көз сулуулар бизде. Баатырга бай балакай, бала чак кезден, Байыртадан көчмөн калк аталып нечен. Ат арыта, канчалаган таштап кадам, Салт-санаасын жана үрп-адатын кармап. Башкасын кой, кел кымызыма ал кызып, Бешбармактан, кана, көрчү, кел, даам сызып. Кайырма: Улуу кыргыз элим, тээ кылымдардан бери жериң, Сактап келген миң душмандарын жеңип. Ата-бабаларым менин үрп- адатын берип, Боз үйүмдө жашап келген ата- тегим. Улуу кыргызым, бар кыргыз элиң, жериң, Ата-бабаларың берген, тууң бар, эркиндигиң. Бар экенин, унутпа кыргыз тилин, Тилегим бүтүндөй өркүндө, кыргыз эл, жерим. Кайырма:
  • Супер гезит бул – “Супер Инфо”, Супер гезит менен алдыда бол. “Супер-Инфодон” гана табасың, Супер менен мезгилден калбайсың. Мезгил өтөт, заман өзгөрөт, Убакыт талыкпайт, оку көбүрөөк. Ошондо гана сен алдыда болосуң, Өз колуңда сен туура жолдосуң. Бизди танда биз сени тандайбыз Бирге, чогуу биз артта калбайбыз. Талантың барбы өргө чабар өнөр, Анда эмне турасың биз менен бол. Бер өзүңө жол, кыл элиңе кызмат, Бери көздөй чыгып, элиңе бер кубат. “Супер-Инфо” дайыма бол кабардар, Бизге кошул, мезгилден артта калба! Жымыңдаган, жылдыздардай, Көктө жарыктардай. Сезилет го ал жомоктой Тартылат сыйкыры бардай “Мезгилден артта калба!” деп Бакыт тилеп “Мекенди ыйык сакта” деп, Сатпагын деп. Кайырма: “Супер-Инфо” элим менен, Жерим менен эскирбеген. “Супер-Инфо” кылымдарга, Өчпөс болот эскирбеген. Жолун улай бирге болот, Супер артта калбайт. Эмгектенет ал талыкпай, Адашпай жолун тандай. “Мезгилден артта калба!” деп, Бакыт тилеп. “Мекенди ыйык сакта” деп, Сатпагын деп. Кайырма: “Супер-Инфо” элим менен, Жерим менен эскирбеген. “Супер-Инфо” кылымдарга, Өчпөс болот эскирбеген
  • Сапсары тоогум бар элең, Жумурткасы сары элең. Менин сүйгөн кызымдын, Каштары, көздөрү кара элең, ай. Кайырма: Ашкара, башкара, кашкараң, Казанда кайнайт чучбараң, Ушундай жыргал тойлордон. Бийлегиле жигит кыз балаң, эй. Чачырата таштап чачыңды, Кычырата боёп кашыңды. Кылтыңдап чыксаң көчөгө, Өзү эле токтойт машинаң, ай Кайырма: Кыздар кийген шиштакаң, Жарашпайт экен кыштакаң, ай Шиштакаңдын пайдасын, Ала кийиз шырдак жыртмакаң, эй. Кайырма: Токотору токойдогу беш терек, Токойдогу беш терекке суу керек. Керек дагы мага окшогон жигиткең, эй Узун эмес, орто бойлуу кыз керек. Кайырма: Жалгыз эле сары тоогум бар элең, Жумурткасы дал өзү сары элең. Ал эми менин сүйгөн кызымдын, Каштары, көздөрү кара элең, ай. Кайырма:
  • Учугун сөздүн улап чын достук мамиледен Айтамын ичте жаткан сырларымды анык эле Чыныгы досторумду унутпаймын эч убакта Өтсө да ортобуздан далай жылдар дагы деле Достун дагы досу болот баардыгы билет аны Колуңда болгон кезде көбөйөт анын саны Белчеңден сазга батып кыйналып калган кезде Кээ бири чилче тарайт таппайсың бирин дагы Достун дагы досу болот чын дилинен сага күйгөн Доомат кылып догурунбай дайым чогу жүргөн Сук кышта бирге тоңгон ыссык жайда муздак болгон Чыныгы бул досторду табалбайсың узак жолдон Андыктан чын достуктун убадасын бекем карма Ичи тар арамзага карыш жолоп жакын барба Такап койсо сени жарга кыла албай эч бир арга Таң калам досум деген жасалма адамдарга Жамандын жолдошу көп жанында бир пайдасы жок Акча үчүн дос болгон бар башка кылар айласы жок Досум деп баарын билбе четинен бирден ирге Жолобо эки жүздүү ичи тар арам кирге Чыныгы жакын досум таштабайт ара жолго Жыгылсаң эңип кетчү шамдагай кара жорго Жасалма калп досторум андайда четке чыгат Кайгырып чың дилиңден аларга капа болбо Жаралсын ар убакта намысын уятыңа Чындык деп чыркырасаң үч беремин кубатыңа Чылбырды бекем карма ооздукту бошотпогун Ардайым татыктуу бол энчилүү бул атыңа Бөлүнөт өз ич ара достор да далай топко Саны бар сапатсызды жолотпо жакын кошпо Аяба жардамыңды эң жакын досторуңдан Жакшылык кайра кайтат андан сен такыр коркпо Кээ бир четке чыгат бөлүнүп өз тобунан Эч качан кол үзбөүн татыктуу досторуңдан Сезерсиң баркын билип алыста жүргөнүңдө Эң жакын досторундун жоруктарын эстеп улам Билинет достун досу башыңа иш түшкөндө Карайлап караан таппай кайсалап күн бүткөндо Билинет мына ошондо кимдин чын ким экенин Жардамга муктаж болуп жол карап сен күткөндо Өткөрдүм өз башымдан достун дагы далай түрүн Досмун деп саналгандардын көбү жок эми бүгүн Сакталып калдарада саналуу гана достор Кеткендер кете берсин болбоймун ага тоскоол Чыныгы жакын досум таштабайт ара жолго Жыгылсаң эңип кетчү шамдагай кара жорго Жасалма калп досторум андайда четке чыгат Кайгырып чың дилиңден аларга капа болбо Жаралсын ар убакта намысын уятыңа Чындык деп чыркырасаң үч беремин кубатыңа Чылбырды бекем карма ооздукту бошотпогун Ардайым татыктуу бол энчилүү бул атыңа